Акыркы кабарлар
» Саясат » Көралбастык... Муфтияттын курулушу жана Райымбек Матраимов
Көралбастык... Муфтияттын курулушу жана Райымбек Матраимов
30-декабрь, 09:00

Кыкеңдер ичтардыкка, көралбастыкка аябай басым жасайбыз. Мындай адат жалпы мүнөз болуп баратканы өкүндүрөт. Баарыбыз билебиз, кытмырлык үчүн жиреп атканыбызды. Үч-төрт жыл бою Райымбек Матраимовду карасанатайлык менен жамандадык, мүйүз чыктыбы? Жо-ок. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” таризинде тек гана арамзалык менен жашадык. Акырына келсек, Райым мырза элибиз үчүн колунан келген жардамын кылып, жаңы муфтиятты куруп берип атат. Жаңырган жылда буюрса бүтөт. Аалымдардын ордосун ачып берсе, анан башкасына киришет... Мындай табылгалуу кадрды министрлик кызматка койсо, мамлекет, эл үчүн акыбети кайтат эле. Качан жаңычыл көз карашта ойлонобуз?..
"Азия Ньюс" гезити