Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Көлүбүздү ар бирибиз көздүн карегиндей сакташыбыз керек”

Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Көлүбүздү ар бирибиз көздүн карегиндей сакташыбыз керек”

05-июнь, 22:26
480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акылбек Тогузбаевич, өткөн жумада президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоо боюнча иштер менен жеринде таанышты. Өкүнүчтүү жери, торлор дале көп экен. Сиздин оюңузча, бул көйгөйдү кантип чечсе болот, кандай чаралар зарыл?

-Чара колдонбой эле ар бир адам өзү түшүнүшү керек да. Бүгүнкү күндө ачка болуп бараткан, балык менен гана тоюп аткан эч ким жок. Кармаса кайырмакты колдонуп, тор жайбаш керек. Торду салып коюшат дагы, бир гана балык эмес, суу астында жашаган башка жаныбарлар да жабыркап атпайбы. Ысык-Көл – бул биз сыймыктанган берметибиз. Канчалаган туристтер келип атат. Ошон үчүн көлүбүздү көздүн карегиндей сакташыбыз керек ар бирибиз. Бир эле президентке, же өкмөттөгүлөргө керек эмес да. Баарыбыз жапатырмак аны коргоп, сактап, кийинки келечек муунга өткөрүп берүүгө тийишпиз. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

-- Акыркы кездери балык азайып баратканы айтылууда. Мунун себеби эмнеде?

-- Тор жая берсек азаят да. Бир кездерде радужный форелдердин коё берилиши да терс таасирин тийгизди окшойт. Былтыр, мурдагы жылы көп чабактар коё берилди. Кудай буюрса, алар жакын арада жетилип, көлүбүздүн фаунасын толуктайт. Бул үчүн бир аз убакыт керек.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер