Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Вакцина сайдырбай, жасалма справка алуунун пайдасы жок”

Айбар Султангазиев: “Вакцина сайдырбай, жасалма справка алуунун пайдасы жок”

18-сентябрь, 20:59
1 444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Албетте, биз башка өлкөлөрдөй эле вакцина алышыбыз керек. Бирок элдин көпчүлүгү алууну каалабай, “сайдырды” деген документ жасоо күч алып бараткан жокпу?

-- Андай болушу мүмкүн. Россияда мындай учурга барган адамдар кармалган. Чет өлкөгө учканда вакцина сөзсүз талап кылынат. Балким ошон үчүн жасаткан адамдар бардыр. Бирок аны коопсуздук органдары текшериши керек. Россияда ошондой адамдар колго түшкөн. Бизде анчалык талап кылуу жок. “Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери сөзсүз алыш керек, ансыз жумушка жолотпойт” деген катуу талап коюла элек. Сайынбай, бирок справка алып алуунун пайдасы деле жок. Андыктан, мындан акча жасоого азырынча шарт жок го... 

-- Вакциналардын айырмасы, эффективдүүлүгү тууралуу айта кетсеңиз?

-- Евросоюз текшерилген вакциналарга уруксат берет. Анын ичинде “пфайзер”, “астразенека”, “модерна” вакциналары кирет. “Синофарм” Европада жакшы вакцина катары эсептелбейт. Текшерилген эмес. Эсептөөлөр боюнча булардын эффективдүүлүгү ар кандай. Россия “Спутникти” эң жакшы, эффективдүүлүгү 90%дан жогору экенин айтууда. Кытай өз вакциналарын 76-80%дан көтөрүлбөсүн белгиледи. 

Бизге элчиликтер гана алып келет. “Модерна” менен “пфайзер” башкача жол менен жасалган вакцина.  

-- Түркмөнстанда абал оорлоп бараткандай?

-- Түркмөнстанда, Монголияда көбөйүп жатат. Кытайдын айрым аймактары айтылууда. Монголия такыр эле вирусту өздөрүнө жолоткон эмес. Беш-он эле саналуу учурлар катталып, дароо карантинге алынчу. Азыр ичине кирип, ковид аралап кетти. Штаммдар өзгөрүп жатат. Түркмөнстан “бизде таптакыр ковид жок” деп жатып, ушул абалга кабылышты. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер