Сабыр Муканбетов, серепчи: “АКШнын максаты – Россия менен Кытайды кыйратып, таман астына салуу”

-- Россия-Украина согушу кайсы чегине жетти? Мындан аркысын кандай божомолдоого болот?
-- «Орус оңбойт, оруска кошулган жарыбайт, демократиялуу Батышка кошулуп, бакубат жашайбыз» деген Украинанын тилеги таш капты. Украинадагы оппозициялык партиялар түгөл камалып, соттолуп, жабылып, айрым саясатчылар, журналисттер өлтүрүлүп, альтернативалуу ЖМКлар жабылып, демократиялык институттар дээрлик өлдү. Батыш болсо демократияны коргоо урааны астында «Украинага жардамын» улантууда.
«Макул, келгиле ЕСке, НАТОго кабыл алабыз, бирок орус менен ат куйругун үзүп, бизге кошулуп Россияны талкалоо аракетибизди колдошуңар керек» деп тымызын тукуруп, антироссия жаратып, Украинанын чыгышындагы орустарды 8 жыл кырдырып атып Россияны СВО жасаганга мажбур кылышты. Башкача айтканда, Украинаны өз арам максаттарына колдонуп, курал-жарак менен шыкап, пушечное мясо катары согуш отуна салып, Россияны алсыратып талкалап, тоноп жок кылуу үчүн уюштурган гибриддик согушуна колдонуп атат. Бул жагдайды туура түшүнүп, «орус агрессор, жөн жаткан Украинаны басып кирип кырып атат» деген «ырды» кабылдабай, дүйнө элдеринин көзү ачылганы, БРИКСке кошулуп, Россияны колдогондор арбып баратканын байкабай коюу мүмкүн эмес.
-- Атышуу ыргагы солгундап калгандай...
-- Былтыркы күздөн бери “контрнаступ” деп болгон куралдарын, акчаларын жыйнап берген Батыштын шаабайы суз. Танкалары, оор куралдары өрттөнүп, аскерлери кырылып, контрнаступтан эч жыйынтык жок. Жай бою согушуп, айрым жерлерде 6-7 чакырым алдыга жылып, Россиянын биринчи коргонуу линиясын алигиче бузуп өтө алышпады. АКШнын кысымына карабастан бир топ Батыш өлкөлөрү Украинадан тажап, арсеналдары бошогонун, акча тартыштыгын айтып, “күңк-мыңк” деп жатышат.
-- АКШ акыры Россияны майтарып салууга күчү жетпеси байкалып калдыбы?
-- Тайвань жакта да өзүнө өтө кооптуу көйгөй жаратып алган АКШ айласы кете баштаганын ачык моюндагысы жок. Бир жагынан ар кандай кыйытма жолдор менен Украинаны сүйлөшүүлөргө түртмөктөп, экинчи колу менен касеталык жана уран компоненти бар боеприпастарды жөнөтүп, алыска учуучу Атакамс ракеталарын, Ф16 истребителдерин берүү чечимин кабылдоо үстүндө аракеттенүүдө.
Россияны согуш талаасында кыйратып, талкалоо мүмкүн эместигин түшүнө баштаган Батыш эбегейсиз каражаттарды «кумга куйганы» өздөрүнө эле катаалдык алып келе турган келесоолук экенин түшүнгөнү менен АКШнын көзүн карап, анын бүтүмүнөн көз каранды. Артка кайтса акыры талкаланып, тонолуп, мамлекет катары жок болорун түшүнгөн Россияга да артка жол жок. Эскалация күчөп, 3-дүйнөлүк согуш, ядролук апокалипсис чыгып кетишинен АКШ да, Россия да кооптонуп, тандалган «ринг» – плацдарм ичинде (Украина аймагында) күч сынашып, куралдарын согуш талаасында сыноодон өткөрүшүүдө. А кырылып аткандар карапайым украиндер.
Мындан аркысы тууралуу. Баардык тараптар чарчады, “сүйлөшүүлөр башталып, атышуулар токтойт” деп да так айтуу мүмкүн эмес. Эскалация чектен, көзөмөлдөн чыгып, ядролук согуш башталып кетпейт деген да кепилдик жок. Согуш улана берсе украиндер кырылып, акыры аны кескилеп бөлүп алышары тууралуу прогноздор көп айтылууда. Азырынча “Россияны согушуп жеңүү мүмкүн эмес” деп гана кепилдик бергендер бар.
-- Азербайжан-Армения кагылышы кайра жанданды. Пашинян Россияны күнөөлөгөнүн кандай баалайсың?
-- Пашинян «Армения ОДКБнын мүчөсү, биз Азербайжан менен согушуп атсак, Россия бизге болушпай сатып кетти» деп айыптап, АКШны чакырып, биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөнү жатат. Биринчиден, ОДКБ согушка киргидей Азербайжан Арменияга басып кирген жок. Согуш Тоолуу Карабакта болуп атат, ал дүйнө тааныган Азербайжандын территориясы. Экинчиден, Россия үчүн Азербайжан чоочун же душман эмес, шериктеш өлкө, Иранга кургак жол катнашын камсыздап турат. Украинадагы кырдаал, Батыштын мамилесинен улам азыр Иран, ал аркылуу Инди океанына чыкчу коридор кандай маанилүү экени айтпаса да түшүнүктүү. Үчүнчүдөн, Пашинян 2020-жылы Алиев менен Венгрияда келишимге кол койгон. Ал келишим боюнча “Армения Карабакта Азербайжандын суверендүүлүгүн тааныйт” деп так жазылып турат.
Россиянын тынчтык аскер бөлүгү Лачин коридорунда армян менен азербайжан аскерлеринин ортосунда турган үчүн гана тынчтык сакталып, этникалык кыргындарга жол берилбей келген. Азыр Карабакта бийлик алмашкандан кийин Азербайжандан бөлүнүү, Арменияга кошулуу аракеттери жанданды, провокация болуп азербайжан аскерлери набыт болуп, алар аскердик чараларды көрүп жатышат.
Карабакты Азербайжандыкы деп таанып кол койгон Пашиняндын колу байлануу, ал беттырмарлык кылып Путинди айыптап, башынан АКШга ыктоо планын ишке ашырууга бел байлоодо. Арменияда бир тарабы – батышчылдар Россияны боктоп, ОДКБ, ЕАЭСтен чыгууну талап кылып атса, Пашиняндын Карабакты сатып кеткенин билгендер анын отставкасын талап кылышууда.
Россиянын Украинадагы «баш оорусу» жетишип турганда анын союзниктери учурдан пайдаланып, ар кимиси өз кызыкчылыктарын канааттандырууга аракет көрүшүүдө. Пашинянга окшоп Россиянын душманы АКШга колтук ачып аткандар да жок эмес.
АКШнын Арменияга орун-очок алып, аскердик баазасынын жайгашышы, албетте, регион үчүн өтө кооптуу жагдай жаратат. Андыктан бул чынында Россия үчүн өтө жагымсыз жагдай. «Россиянын Армениядагы аскердик базасы чыгып кетеби, кетпейби? 70% армяндар жашаган Карабакта этникалык кыргын башталып, чоң алааматка айланса кандай болот?» деген суроолор кандай чечилет, эмне менен аяктайт – буга азырынча жооп жок.
-- Борбор Азия республикаларына да бүлүк салуу пландары тууралуу каңшаар кептер чыгууда...
-- Биз көбүнесе жер-жерлердеги локалдуу конфликттерди өз-өзүнчө карайбыз. Бул чоң жаңылыштык. Баардык майда-чоң согуштар алдуу-күчтүү дөөлөрдүн – империалардын кызыкчылыгынын, ачкөздүгүнүн айынан болуп жатат. СССР ыдырап, кыйрагандан кийин дүйнөдө бир полярдуу система орноп, «холодная войнада биз жеңип чыктык» деп эсептеген АКШнын гегемондук доору башталып, согушсуз атаандашып, кайсы система жакшы экенин далилдеп, инвестиция коротуу зарылчылыгы жоголуп, суроо-сопкутсуз басып кирүү, бомбалап кырып, талап-тоноп алуу башталды. Жакынкы Чыгыштагы жоруктар буга күбө.
Алсыз, ачкачылык каптап, армиясы биттеп, Батыш башкарып, каалагандай талап аткан Ельцин менен либералисттер башкарган заманды да көрдүк. Владимир Путиндин бийликке келиши менен Россияда суверендүү өнүгүү маселесине айрыкча көңүл бөлүнүп, элге маяна, пенсиялар убагында берилип, Батыштын талоолоруна чектөөлөр кирип, экономикасы өсүп, аскери күчтөнө баштады. Расмий чакыруу менен кайрылган Сирияны сактап калды. Бул албетте, Батышка жакпай, алар да Россиянын өнүгүүсүн жайлатуу, токтотуу, жок кылуу аракеттерин көрүп, ар кандай, болбогон шылтоолор менен айыптап, санкцияларды кабылдап, бүгүнкү күндө ал санкциялардын саны 11500дөн ашты.
-- Анан? Бул күрөштүн аягы тереңге кетти көрүнөт...
-- Украинаны тукуруп, орустарды кырдырып, СВО баштаганга мажбур кылды, СПларды жардырды, АЭСтерди аткылап, Россияга шылтап, курал-жарак менен шыкап, болгон аракеттерин кылып, бирок тумшуктары ташка тийип, жолдору болбой, контрнаступ жарга такалып, жыйынтык жок, жүздөгөн миллиарддар сууга кетти. Бирок Батыш оюнан кайткан жок. Себеби, гегемондугун кайра калыбына келтирбесе, ар ким бутун сүргөн алсыз өлкөлөрдүн катарын толуктайт. 31,5 трлн. карызын төлөөгө туура келет. Ошон үчүн өл-тирил статус квону калыбына келтирүү керек. Же өлөсүң... Ошон үчүн дурной пример көргөзүп, суверендүү өнүгүп аткан Россия менен Кытайды кыйратып, таман астына салуу керек. Ошондо бүт дүйнө ийилип туруп берет. Бүт жер ресурстары суроо-сопкутсуз сеники болот. Каалаганыңды кыласың. Башка айла жок.
АКШ токтой албайт, Россия менен Кытай да жеңилип, баш ийүүгө макул эмес. Демек, бул акыр заманга алып баруучу кармаш. Ошондуктан Закавказьедеги, Орто Азиядагы карама-каршылыктардын баарын эки тарап өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланат. Украинада СВО жүргүзүп аткан Россия айлана тегерегиндеги коңшулары аралашкан кошумча конфликттердин жаралышына кызыкдар эмес. Тескерисинче, Украинадан жеткиликтүү жыйынтык ала албай аткан АКШ Россиянын айлана тегерегине согуш отун тутантып, Россияны алсыратууга, ага кол салууга керектүү кошумча плацдармдарды жаратууга кызыкдар. Андыктан, Кавказда, Казакстан менен Россиянын, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда, Фергана өрөөнүндө этникалык конфликттерди жаратуу аракетин токтотпойт.
Буга чейинки Блинкендин Орто Азия лидерлери менен болгон жолугушуулары, АКШнын атайын элчилеринин активдешиши, Байдендин Орто Азия лидерлери менен өткөрүп аткан саммитинин артында дал ошол арам пландар жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Кайраштыруу, чабыштыруу, калпты чын кылып, чынды калп кылып, миллиондогон адамдарды убактылуу болсо да келесоо кылып максатына жетүү жагынан англосакстардын саясый технологдору алдына ат салдырбайт. Андыктан сак болуу керек.