Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга айыпталышкан салыкчылар эки ирет камалып чыгыштыбы?

Коррупцияга айыпталышкан салыкчылар эки ирет камалып чыгыштыбы?

24-май, 19:56
1 093 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башта салыкчыларга байланыштуу 30 миллиард сом уурдалганы кабарланып, коомчулук дүрбөлөңгө түшкөн. Кай бир булактарда 3 миллиард солонгону жарыяланган эле. Аныгында салык кызматынын башчысы, орун басары кармалышып, аларга катар Бишкек шаарынын төрт районундагы башкармалыктардын начальниктери да камалышкан. Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөнбү? Кызыгы, көп өтпөй береги төрт начальник камактан бошоп, кайра кызматтарына барууга белсенишип, арызданууга жетишкени маалымдалган. Анан күтүүсүздөн булар кайра камалышып, таң-тамаша оюнундай “маски-шоулар” уланып кеткени кандай? Ошентип, Бишкек шаарынын төрт районунун салык башкармалыктарынын начальниктери эки ирет камалып чыгышканы айтылууда. Азырынча алар “Коррупция” беренеси менен эмес, “Шалаакылык” боюнча айыпталышканы калыштыбы? Деги кандай аракеттер жүрүп жатат? Окуяга аралашкан, ачык айтып, ак сүйлөгөндөр билдирүү кылып коюшса туура болмок. Жашырып-жаба беришпей. Сыягы, салыкчылардын жүрөк үшүн алып коюшса керек...    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер