Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурда ак кан илдетинен жабыркаган 34 жаштагы келин вирустан каза болду

Мурда ак кан илдетинен жабыркаган 34 жаштагы келин вирустан каза болду

05-июнь, 12:04
750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тилекке каршы, коронавирус 34 жаштагы кырчындай жандын өмүрүн алды. Бул тууралуу 5-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп, каза болгон эки аялдын бири болгону 34 жашта болгон. Ал мурда ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ал эми дагы бир көз жумган жаран 82 жашта болгон. Ал кызынан вирусту жуктуруп алгандыгы айтылды.  

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, - деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер