Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеч уктасаңыз ден-соолукка аябай зыяны тиет

Кеч уктасаңыз ден-соолукка аябай зыяны тиет

29-май, 00:38
1 091 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    1. Акылдын ачка болуусу. Адамдын мээси 21:00дөн 23:00гө чейин активдүү эс алат. Эгер сиз 23:00дөн кийин уктасаӊыз – убакыт өткөндөн кийин акылыӊыздын ачка болуусу башталат. Эгерде сиз 23:00дөн 1:00гө чейин уктабасаӊыз – жашоо күчү жабыркайт. Сизде нерв системасы бузула баштайт. Анын белгилери: алсыздык, шалдыроо, оордук, жанчылуу. Эгерде сиз түнкү 1ден 3кө чейин уктабасаӊыз, сизде албууттануу жана кыжырдануу пайда болот.

    2. Соолуп бараткан сулуулук. Уйку ден соолук үчүн эле эмес, сулуулукту сактоо үчүн дагы эӊ сонун ыкма. Уйкуда жатканда гана клеткалар жана ткандар активдүү түрдө калыбына келет.

    3. Өнөкөт чөгүү. Убакыттын өтүшү менен организмде ички чыӊалуу өсөт. Уйку учурунда ошол чыӊалуудан арылат. Эгерде сиз өз убактысы менен уктабасаӊыз, чыӊалуудан арылбай, маанайыӊыз чөгүп, өнөкөт чөгүү пайда болот.

    4. Ашыкча салмактуулук. Америкалык окумуштуулар далилдегендей, өз убактысы менен эс ала албаган айымдар тез семиришет. Уйкунун аздыгы зат алмашуу процессин жабыркатат. Эгер сиз кечирек уктап жаткан болсоӊуз, ашыкча салмактуулук пайда болот.

    5. Иммунитеттин начарлашы. Баары жөнөкөй: түндөсү организм өз калыбына келет, сергектикке тескери таасир берген кесепеттерди нейтралдаштырып, иммунитетти чыӊдайт. Түн ичинде иммундук система бекемделет, күндүз организмге түшкөн патогендүү микроорганизмдерди өлтүрөт. Дайыма уйкуӊуз канбай жүрүшү сасык тумоо, суук тийүү менен ооруп калууӊузга шарт түзөт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер