Кантип жер алдына жаттың экен кургурум! Сенин ордуң аябай жоктолду...
Ооба, былтыр дал ушул күнү болчу... Мен ушул күндү өмүр бою жек көрөм! Анткени, чырактай эки бала ушул күнү энесинен түбөлүккө ажырап, “апа” деген сөздү айтпай калган күн...
Түнкү саат экиден өтүп калганда атам мени “тур кызым, биз ооруканага кеттик, келиндин оорусу катуурак окшойт, сен балдарды жакшы кара” деп сыртка чыгып кетти. Оюмда ооруканага жатып, үйгө сакайып кайра келет дегем. Таң атып, балдарды карап чай берип отурсам, телефонго чакыруу келди. Дароо алсам иним экен. “Апче, балдар жакшыбы? Келиниңиздин абалы оор, адам болбойт дешти” деди. Жүрөгүм “шуу” дей түштү. Кантип эле? Эмнеге? “Тыянак жок, анализдеринин баары начар чыкты. Врачтар “колубуздан эч нерсе келбейт” деп жатышат” деди маанайы суз. А мен балдарына сыр алдырбайын деп, алардын бейкапаар ойноп отурганын көрүп, жүрөгүм тилинип, канап жатты. Түшкө жетпей иним ыйлап чалды “апче, келиниңизден (атын айтып) айрылып калдык, сөөктү алып чыгып баратабыз” деп өчүрүп койду... Ааламым аңтарылып, асманым жерге түшкөндөй дендароо болуп, чоң үйгө чуркадым. Ээн бөлмөгө кирип эчкирип ыйладым. Балдары укпасын дедим. Сөөк келгиче эч кимге айтууга чамам жетпей, шок абалда ыйлап жүрө бердим. Элдер андай жамандыкты бат угат эмеспи, чогула башташты. Ошентип үйгө өзүң эмес, сөөгүң келди. Бир өмүр ушинтип соолуду. Качан гана сен бул ааламдан өткөндө, эң жакшы келин болгонуңду сездим. Апама, атама өйдө карап сүйлөбөй, сыйлап, эч кимге зыяны жок кудайы момун элең. Аллахым билип-билбей жасаган күнөөлөрүңдү кечирип, бейишиңди берсин ылайым, оомийн!
Апам балдарыңды апа ордуна апа болуп, өзгөчө мээрим төгүп чоңойтуп жатат. Баары бир сенин энелик мээримиң балдарыңа башкача эле да. Ушунчалык жакшы көрөр элең. Кантип жер алдына жаттың экен кургурум! Сенин ордуң аябай жоктолду. Эми сенин ордуңду эч ким толуктай албайт, атаганат! Бири кем дүйнө ай! Айла жок, бейишиңди тилеп, куран окугандан башка айлабыз жок. Бейиш багын аралап жүр ылайым. Жаткан жериң жайлуу болсун, келиним!
Айнур
"Азия Ньюс" гезити