Улуттук наркыбызды эртеңки муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп беришибиз керек

Ааламдашуунун заманында улуттук уңгудан кийинки муундар алыстап баратканда улуттук нарк боюнча идеология мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тарабынан жигердүү жүргүзүлүп жатат. Улуттук нарк идеологиясы президенттин өлкөнү өнүктүрүү боюнча экономикалык, социалдык саясаты менен айкалыштырып, алдыга коюлган негизги максаттар менен бирдикте алып барылууда. Сүйүнбек Касмамбетов элибиздин руханий мурастарына өзгөчө көңүл буруп, жакында эле болуп өткөн Казыбек казалчынын юбилейинде терең, мазмундуу баяндама жасады эле, эл дем тартпай тыңшап, академиктер оозун ачып угуп отурушту.
Алыскы Якутияга барып “Ысыах Олонхо” улуттук майрамына арналган илимий конференцияда эки элдин ортосундагы тарыхий-маданий байланыштар боюнча кызыктуу баяндама жасап, якут туугандар ыраазы болду.
28-августта Ошто ислам укукчусу, имам Сарахсиге арналган конференцияга катышып, ал жараткан мурастарга токтолуп, кеңири сөз сүйлөп, конференциянын деңгээлин жогору көтөрдү. “Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат” деп Расул Гамзатов айткандай, өткөн мурастарды биз жаш муундун жандүйнөсүнө сиңирип, көздүн карегиндей сактайлы. Миң жылдардан бери элибизди эл катары сактап келген улуттук нарктарыбызды эртеңки муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп беришибиз керек” дейт мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Азыр Кыргызстандын ММКларында улуттук нарк боюнча интеллигенция арасында талкуу жүрүп, аны калайык колдоп, руханий көйгөйлөрдүн тегерегинде кызуу талаш-тартыштар болуп, эл ойгонуп жатат. Бул элдин калың катмарын камтыган өлкөнүн идеологиясы туура багытта, ишенимдүү жүргүзүлүп жатканын мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун илим менен айкалыштырып алып барып жаткан жигердүү иштери алаканга салгандай айкындап турат.
"Азия Ньюс" гезити