Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көзүнөн жабыркаган 4 жаштагы Айгерим Орозова жардамга муктаж

Көзүнөн жабыркаган 4 жаштагы Айгерим Орозова жардамга муктаж

16-август, 17:32
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 4 жаштагы тургуну Айгерим Орозова көзүнөн жабыркап, жакын арада операция жасатууга муктаж болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эжеси Жанат Сүйүнбек кызы кайрылды.

Анын айтымында, Айгеримге операция жасатуу үчүн каражат жетишпей жаткандыктан кайрымдуу элден жардам сурайт.

"Сиңдим Айгерим Орозова 4 жашта. Апасы таштап кеткен. Атасы учурда Россияда куруучу болуп эмгектенет. Үч айлыгынан баштап чоң энеси багат. Эки жашынан бери көздүн чалыр (коштолгон страбизм, жөнөкөй миопиялык астигматизм, сол көзүнүн гипертония оорусу) оорусуна кабылган. Күндөн күнгө көрүүсү начарлап жатканынан дарыгерлерге көрсөтсөк, эртерээк операция кылуу керектигин айтышты. Операцияны Кыргызстанда жасатса болот экен, бирок дарыгерлер кепилдик бере албайбыз дешти. Мындай операцияны Москвадагы Гельмгольц атындагы көз оорулары боюнча улуттук медициналык изилдөө борборунда400 миң сомго жасатса болорун билдик. Тилекке каршы, акча каражатыбыз жетишпегендиктен кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Азыр убактылуу Бишкек шаарына жакын жердеги Кут айылында жашап жатышат"  деди эжеси Жанат Сүйүнбек кызы.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элкарт 9417309026480452 (Сүйүнбек кызы Жанат);

Элсом 0709 08 88 67 (Сүйүнбек кызы Жанат);

Байланыш номери: 0703 47 8251 (Сүйүнбек кызы Жанат).
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер