Акыркы кабарлар
» Коом » Вирустан көз жумган “жасалма пайгамбарды” тирилтүүгө аракет кылышты
Вирустан көз жумган “жасалма пайгамбарды” тирилтүүгө аракет кылышты
18-май, 17:24

Камерунда Сovid-19дан көз жумган “жасалма пайгамбар” пастор Франклин Ндифор Афанвинин тарапташтары анын өлүмүнө ишенбей, тирилишин тилеп, ырым-жырымдарын жасашты. Анын сөөгүн полиция жана медицина кызматкерлери күч менен алып чыгышты.
Өлкөнүн улуттук CRTV телеканалынын кабарына ылайык, Пентакосталдык падышалыктын эл аралык чиркөөсүн куруп, өзүн "пайгамбар" жарыялаган Афанвинин Сovid-19дан көз жумганын уккандар Дуала шаарындагы үйүн курчоого алышкан. Анын өлүмүнө ишенбей, тирилишин тилеп, ырым-жырымдарын жасагандардан полиция түнгө чейин кире албай турган. Акыры анын үйүнө кирип, сөөгүн алып, Бонабери аймагындагы көрүстөнгө коргоочу кийимдерди кийген адамдар жашырган.
Пастор Франклин Ндифор Афанви өткөн аптада Дуала шаарына Сovid-19дан коргоочу каражаттарды таратып жүрүп вирус жуктурганы белгиленүүдө. Ал 2000-жылдары Теңирден чакыруу алганын айтып, Евангелисттик пастор болгон. 2010-жылы Пентакосталдык падышалыктын эл аралык чиркөөсүн курган. Өзүнө тийешелүү телеканалдан Теңирдин элчиси экенин, паракорчулукту жок кылуу тууралуу пландарын айтып, 2018-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон жана 0,67 пайыз добуш алган.