Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аккулу Бердиев, ЖК депутаты: “Жайлоолор эс алып, калыбына келип калды”

Аккулу Бердиев, ЖК депутаты: “Жайлоолор эс алып, калыбына келип калды”

15-апрель, 22:46
552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аккулу Тагаевич, Алай, Чоң-Алай жергеси эзелтен бери эле өзүнүн төр жайлоолору менен белгилүү. Кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилгенден кийин бизге дагы миң гектардан ашуун жайыт жерлер кошулду окшойт. Чоң-алайлык, ал жактын шартын жакшы билген депутат катары айтсаңыз, азыр жайыттар кандай пайдаланылып жатат?

-Ооба, бизге Тажикстандан 1500 гектар жайыт жерлер өттү. Буюрса, апрелдин аягы, май айынын башынан баштап эл жайлоого көчүп чыгышат. Биринчи жолу ошол жаңы жерлерди да пайдаланып, малын жайышат. Ал аябай чөп жакшы өскөн, жылуу жер. Жерге-Талдын чек арасында жайгашкан. Ал жакка мурда мал чыккан эмес.

-Бир кездерде малдын көптүгүнөн жайыттар деградацияланып кетти эле. Азыр калыбына келдиби?

-Азыр жакшы, калыбына келип калды. Албетте, жылдан-жылга мал көбөйүп атат. Ошондуктан, мамлекет тарабынан илгерки Советтер союзунун ыкмасы боюнча жайлоолорду которуп, эс алдыруу боюнча программалар кабыл алынса керек. Бирок, азырынча андай курч стадияга жете элек.


Аттокур Жумаев


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер