Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил ТУРДУКУЛОВ, коомдук ишмер: “Атамбаевге болгон элдин мамилеси оң жакка өзгөрүүдө”

Адил ТУРДУКУЛОВ, коомдук ишмер: “Атамбаевге болгон элдин мамилеси оң жакка өзгөрүүдө”

05-декабрь, 11:27
1 158 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өткөн жумада Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук сотуна алып келишкени коомчулукта, соцтармактарда дымып жаткан нааразычылык козголгондой болду. Мындан аркы сот процесстери өткөн сайын чыңалуулар күчөбөйбү?

-- Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында карап, ага коюлган күнөөлөрдү сотто караганы өзү кош стандарттуулук. Эми ага “иликтөөгө тоскоол кылды” деген шылтоо менен дагы бир кылмыш ишин ачууну көздөп жатышат. Бул – Атамбаевге карата коюлган башка күнөөлөр укук жагынан ишенимдүү фактылар менен коштолбогонун далилдеп, саясый иш экенин билгизет. Батукаев иши боюнча Атамбаев бизге мурун прокуратура таңуулагандай акча табуу амал ою болбогондугун, Жаныш Бакиевди Кыргызстанда экстрадиция кылуу аракети болгону ачыкталды. Азыркы бийлик экономиканын чабалдыгын, коррупция менен күрөш алсыз жүрүп жаткандыгын бир гана Атамбаев менен байланыштырып жаткан. Экс-президенттин абакта болуусу мындай шылтоо айтууга кыйын болуп калды. Ал эми ошол эле убакта аткезчилик күчөп, инвесторлор өлкөдөн кетип, чек арадагы абал да курчуп жатат. Ошондуктан коомдо оппозициялык абал күчөп, Атамбаевге болгон элдин мамилеси да оң жакка өзгөрүүдө. Ошол эле учурда КСДП бир гана сотко баруу менен алектенбейт. “Форумга” кирүү мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, биз жакында жаңы партиянын офисин ачабыз. Ошол эле учурда Атамбаев абакта жаткандыктан, партияда лидерлик орун бошоп, координация начарлап калганын көрүп турам. 

-- Атамбаев чоң саясатчы эмеспи, ал бийлик менен кандай жолдор аркылуу күрөшүшү мүмкүн? 

-- Экс-президентти күч менен сотко алып келүүнүн өзү туура эмес. Кыргызстандын мурунку үч президентине кылмыш иш козголгону – азыркы бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирет. Азыркы бийлик институттардын да авторитетин төмөндөтөт. Биз талап кылган реформа кылууга да бөгөт коёт. Анткени Сооронбай Жээнбеков да кандайдыр бир чоң долбоор ашырайын десе, ал 2023-жылы тактан кеткенден кийин ага да бийликти “аша чапкандык, кыянаттык менен пайдаланды” деген күнөө коюлушу мүмкүн. Негизгиси Атамбаев өзү убадалангадай эски элитаны, “чимкириктерди” кошо алып кетти. Эми жаңы креативдүү жүздөр келгенге жол ачылды. Бишкекте өткөн митинг буга бир мисал. Эми ошол күчтү системалык жолго коюп, бийликке келүүгө жол ачыш керек. Мен өзүм ошого басым жасайм. 

-- Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы эмнеге кечигүүдө? Бул жакта бир мандем болуп аткан жокпу? Аталган комиссияда төрагалык кылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана мүчөлөрү мыйзамсыз кадамдарга барышса, алардын жоопкерчилиги кандай каралыш керек?

-- Комиссиянын жыйынтыгына карата шек жараткан суроолор болуп жатканы күтүлгөн нерсе болчу. Анткени башында эле юристтер, жарандар, көз карандысыз эксперттер комиссиянын легитимдүүлүгүнө шектенишкен. Күч түзүмдөрдү тейлеген жана Кой-Таштагы операцияга өзү катышкан Жеңиш Разаковдун комиссиянын башында турганы кош стандарттуулук жана бул комиссия объективдүү эмес болоруна негиз түзүп берген. Чындыгында бул комиссияны парламент өзү түзүп, укуктук жана саясый баа берүүгө ошол гана комиссия укуктуу болуш керек болчу. Өкмөт өзүнүн курамында болгон күч түзүмдөрүнө карата кандайдыр бир кеңеш же сын-пикир жазууга дарамети жетпейт жана алардын кызыкчылыгына дагы төп келбейт. Комиссияга Атамбаевди жаман көргөн, жеке таарынычы бар адамдарды кошуп койгону дагы түшүнүксүз. Бул жерде бир гана ошол Атамбаевдин үйүнө болгон чабуулду легитимдештирүү, мыйзамдаштыруу жана саясый жагынан актоо аракети болду. Бул комиссиянын ишине эч кимдин ичи жылыган жок. Көптөр сын-пикир айткандыктан, комиссиянын иши басаңдап, алдыга жылбай турат. Ошол комиссиянын мүчөлөрү өздөрү деле юрист болгондуктан, жакынкы келечекте аларга карата укуктук баа берилип калышы мүмкүн экенин шек санашкандыктан, бул комиссиянын жыйынтыгы кечеңдеп жатат.


Суроо салган Асланбек САРТБАЕВ

"Азия Ньюс" гезити

 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер