Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамиля Жаманбаева, КР акыйкатчысы: “Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн күчтөндүрүү максатында бизге конституциялык мыйзам керек”

Жамиля Жаманбаева, КР акыйкатчысы: “Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн күчтөндүрүү максатында бизге конституциялык мыйзам керек”

06-май, 00:04
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамиля Акматбековна, Жогорку Кеңешке Акыйкатчы жөнүндө жаңы конституциялык мыйзам сунушталып жатпайбы. Анын зарылдыгы, негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

-- Биз мыйзамды азыркы күндө иштеп жаткан Конституцияга шайкеш келтиришибиз керек. Анткени, Конституциябыздын 109-беренесинде акыйкатчынын ыйгарым укуктары жазылган. 110-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасында өзгөчө макамга ээ беш мамлекеттик орган бар, алар: башкы прокуртарура, БШК, эсеп палатасы, Улуттук банк. Алардын катарына акыйкатчы да кирет. Өзгөчө макамы бар 5 мамлекеттик органдын ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен жөнгө салынышы керек. Бирок, бүгүнкү күндө ошол беш мамлекеттик органдын ичинен акыйкатчынын ишмердүүлүгү гана жөнөкөй мыйзам менен жөнгө салынып калган. Бул эң негизгиси. Бүгүн биздин мыйзам иштеп жатканына 23 жыл болду, көптөгөн карама-каршылыктар бар. Биринчиден, Конституцияга, ошол эле Жазык-процессуалдык кодексине, башка да көптөгөн мыйзамдарга дал келбейт. Андыктан, акыйкатчынын ишмердүүлүгүн күчтөндүрүү максатында бизге конституциялык мыйзам керек. Укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мыйзамдардын иерархиясы бар. Биринчи Конституция, экинчиси конституциялык мыйзамдар, үчүнчүсү кодекс, анан мыйзам болуп кетет. Биздин мыйзам эгерде кандайдыр бир кодекске дал келбей калса эле кодекс жогору тургандыгына байланыштуу анын нормалары аткарылууга тийиш. Биздин мыйзам кодекстен, конституциялык мыйзамдан ылдыйраак туруп атат. Кудай буюрса, эртең долбоор биринчи окуудан каралат. Депутаттардан колдоо тапсак, акыйкатчынын ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен жөнгө салынып калса, ошондо конституциялык мыйзамдын нормалары жогору турат. Мен сизге жөнөкөй эле мисал айтып берейин. Эгер “сот процесси жабык өтөт” деп жарыяланса, ошол тараптын макулдугу менен акыйкатчынын өкүлдөрү катышууга мүмкүн. Бирок, Жазык-процессуалдык кодекс боюнча бул норма жок. Сот өзү чечет. Кааласа киргизет. Токсон беш пайыз учурларда бизди киргизбей коёт. Ошондуктан, биз ушул мүчүлүштүктөрдү жоюшубуз керек.

-- Жаңы мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш акыйкатчынын ыйгарым укуктарын токтото албай калабы?

-- Жок, андай эмес. Акыйкачы институту – бул парламенттик орган. Парламенттин адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгүнүн бир багыты акыйкатчы тарабынан жүзөгө ашырылат. Акыйкатчы дагы, анын орун басарлары дагы парламент тарабынан шайланат. Ушул норма толугу менен сакталат. Ар жыл сайын акыйкатчы тарабынан Жогорку Кеңешке бериле турган баяндама да ошол эле бойдон калат


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер