Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков бийлик үчүн баш оору жараткан эки талапкердин бири

Равшан Жээнбеков бийлик үчүн баш оору жараткан эки талапкердин бири

14-ноябрь, 21:37
763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Иттин уулу Байгарадан” баштап салабаттуу саясатчыларга чейин президенттик күрөшкө аттанышты. Басымдуусу жөн эле чыгып алгандар. Алар “соодалашууга”, саясый упай алууга максат коюшса, кээ бири оорунун айынан оолуккандар да, туурабы?

Негизинен беш саясатчынын ортосунда таасирдүү атаандашуу болсо, көрүнүктүүсү Равшан Жээнбеков экени талашсыз. Каарманыбыз эмнеси менен артыкчылыктуу? Мамлекеттик бир катар жогорку кызматтарда иштеген, тажрыйбалуу жана билимдүү. Эң башкысы, Равшан Бабырбекович көптөгөн жылдар бою оппозицияда жүрүп, эр жүрөк, күрөшчүл экенин далилдеген. Соңку жылдары бийликтин куугунтугуна кабылып, жалган жалаа менен бир жылдай түрмөгө отуруп чыкты. Сынган жок, чыйралды. Саясый туткун катары жабыркаганын эл аралык коомчулук тааныган. Бул чоң көрсөткүч.

Ал кайсы бийлик болбосун сунуш, сын-пикирин ынанымдуу чагылдырып, демократ саясатчы катары позициясынан тайбай, коомдун өнүгүшүнө салым кошуп, үлгү көрсөтүп келди. Реалдуу турмушта атаандаштыкты электен өткөн, эрктүү талапкерлер жаратат эмеспи. Төгөрү төп келишип турат. Айтмакчы, Равшан Жээнбековдун электоратын кичи мекени болгон таластыктар эле эмес, Кыргызстандагы жалпы прогрессивдүү, билимдүү адамдар түзөт. Бул катмар көпчүлүк карапайым калктын маанайын өзгөртүүнү эске алышыбыз керек. Дагы бир олуттуу маселе – каражат эң башкы ролду ойнойт. Ал ушул жагынан аксабаса, анда бийлик үчүн баш оору жараткан эки талапкердин бири болмокчу.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер