Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азербайжанда бийликти Мехрибан Алиевага өткөрүп берүү башталдыбы?

Азербайжанда бийликти Мехрибан Алиевага өткөрүп берүү башталдыбы?

02-декабрь, 15:55
837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азербайжандагы башкаруучу партия  парламентти таратуу өтүнүчү менен президентке кайрылды. Эксперттердин кээ бирлери муну бийликтеги кризис катары мүнөздөшсө, айрымдары “жогору жактан жасалган революция”, бийликти президент Ильхам Алиевдин жубайы, вице-президент  Мехрибан Алиевага өткөрүп берүүнүн башталышы катары сыпатташууда. Бийликте турган “Ени Азербайжан” партиясынын  парламентти таратуу чечими чындыгында эмне менен шартталган? Биз бул боюнча  Голландияда саясый эммиграцияда жүргөн  белгилүү азербайжан саясат таануучусу, укук коргоочу жана  тарыхчы  Ариф ЮНУСОВдун пикирин сурадык. 

-- Азербайжандын бийликте турган партиясы парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрдү. Парламентте ансыз деле көпчүлүк мандаттарды ээлеп, аны толугу менен көзөмөлдөп жаткан партияга мунун эмне кереги бар?

-- Сырттан караганда, мунун баары мыйзам ченемдүү болуп көрүнөт. Чындыгында бул жерде бир топ татаал маселе жатат. Биринчи күндөрдөн тартып эле Ильхам Алиев менен анын жубайынын президенттин администрациясынын башчысы Рамиз Мехтиев жетектеген Гейдар Алиевдин эски гвардиясынын ортосунда күрөш жүрүп келаткан. Өлкөнү дал Мехтиев башкарып, ички маселелерди, тигил же бул райондун башчысы, парламенттин депутаты ким болорун ошол чеччү, кимдир бирөөгө кызмат керек болсо ошону менен соодалышышчу. Ал эми Ильхам Алиевге болсо тышкы саясатты эле калтырып койгон. Бирок, Алиевдердин үй-бүлөсү, өзгөчө  Мехрибан Алиева муну менен макул болбой, натыйжада көптөн бери тымызын күрөш жүрүп келаткан. 

Бул тирешүү быйыл октябрь айында, Рамиз Мехтиев отставкага кеткенден кийин гана токтоду. Бирок, Ильхам Алиевдин ден соолугуна байланыштуу үй-бүлөнүн ичинде бийликти алмаштыруу сценарийи пайда болду. Парламентте  Рамиз Мехтиевдин тарапташтары дале  көп, алар  каршылык көрсөтүшү мүмкүн. Албетте, парламентти таратуу чечими  үй-бүлө тарабынан кабыл алынды. Тек,  формалдуу түрдө аны “Ени Азербайжан” партиясынын атынан жар салып коюшту. Чындыгында бул маселе партияда талкууланган эмес, партиянын көп лидерлери үчүн бул күтүүсүз нерсе болду. Көп деталдарын, башкаруучу   партиянын жетекчилерине кандай сунуштар айтылганын биз албетте, билбейбиз.  Бирок, алар бул сунушка моюн толгой алышкан жок. 

-- “Парламенттин өзүн-өзү таратуусуна  өлкөнүн ичиндеги  саясый кризис себеп болду” деген да пикирлер бар. Кээ бирөөлөр бул процессти “жогорудан жасалган революция” катары мүнөздөп жатышат. Сиз мындай баага кошуласызбы?

-- Ооба, бийлик кризиске тушукту. Бирок, аны “революция” деп атаганга болбойт. Бул жөн гана башкаруучу команданын ичиндеги  бир кландын экинчи кланга каршы жүргүзгөн узак мезгилдик күрөшүнүн жыйынтыгы. Революциянын натыйжасында калктын турмушу кардиналдык түрдө өзгөрөт. Ал эми азыркы окуядан кийин Азербайжанда эч кандай өзгөрүү болбойт. Башкача айтканда, бюджетти талап-тоноо, капиталды оффшордук аймактарга алып чыгып кетүү, “реформа жасайбыз” деп тил эмизүү, калп эле коррупция менен күрөшкөндөй түр көрсөтүү, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо, бийликти колдон келишинче узак мөөнөт сактап калууга жандалбастоо улана берет.  Болгону бул талап-тоноонун мурдагы катышучулары  саясый аренадан жоголот. 


(EADaily)

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер