Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Матраимов: “Өзүн сыйлаган адам билимдүү болгондон кийин гана мамлекеттик кызматка кириши шарт”

Искендер Матраимов: “Өзүн сыйлаган адам билимдүү болгондон кийин гана мамлекеттик кызматка кириши шарт”

09-апрель, 12:34
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Искендер Исмаилович, укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, парламенттин төрт депутатынын дипломунун нукуралыгына шек туулуп жатыптыр. Сиз буга кандай түшүндүрмө берер элеңиз?

-- Биринчиден, “мамлекеттик кызматта иштеген ар бир жарандын дипломун текшерип чыккыла” деп тапшырма берилди да. Тийешелүү органдар текшерип атат. Алдын ала ар кандай маалымат айтылышы мүмкүн. Бирок, акырына чейин терең изилдеп, бүт документтерин текшерип чыккандан кийин алардын саны балким азаяр. Мисалы, кээ бирөө бир нерсесин унутуп калгандыр. Окууну Россиядан, башка союздук республикалардан бүткөндөр бар. Ошонун жыйынтыгы менен үч диплом жасалма деп айтса керек. Текшерген орган тийиштүү документтерин сурап, алар болсо алып келип атат. Биз көбүнчө алдын ала эле чечим чыгарап алабыз. Жыйынтыкты бүткөндөн кийин, расмий түрдө айтылгандан соң чыгарыш керек. Ар бир изилдөөнүн артында бир инсандын тагдыры, аброю жатат.

-- Сиз өзүңүз кайсы окуу жайды бүттүңүз эле?

-- Меникин керек болсо жүз жолу текшергиле. Буга чейин да текшеришкен. Мен 1978-жылы мектепти мактоо баракчасы менен бүткөндөн кийин Жалал-Абаддагы зооветтехникумга тапшыргам. Ал жерди дагы артыкчылык менен бүтүп, Скрябин атындагы айыл чарба институтуна киргем. Кийин билимимди өркүндөтүү үчүн Ж.Баласагын атындагы университеттин юридикалык факультетинин Оштогу филиалын бүтүргөм.

-- Группалаштарыңызды тааныйсызбы?

-- Кантип тааныбайын, айланайын! Кааласаңар эртең сүрөттөрдү алып келип берейин. Өзүн сыйлаган адам биринчи билим алып, билимдүү болгондон кийин гана мамлекеттик кызматка кириши керек. Менин мамлекеттик кызматка келгениме Кудай кааласа быйыл 40 жылдын жүзү болуп атат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер