Путин Россиянын негизги максатын айтты


Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин орус элинин биригүүсүн “өлкөнүн максаты” деп атады. Бул тууралуу ал Павел Зарубин менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдан бери Россия Федерациясы Украинадагы кырдаалды «тынчтык жол менен» жөнгө салуу аракетин көрүп келет.
«Биз тигил же бул аймакта жашаган элди «коргоого» аргасыз болдук, кримтөбөлдөрдүн тандоосун колдоого мажбур болдук. Баары ушундан башталды. Бирок биз төңкөрүш жасаган жокпуз» дейт Путин.
Россиянын президенти Москва ар дайым бардык талаш-тартыштарды тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуп келгенин жана азыр туура багытта – жарандарынын кызыкчылыгын коргоодо экенин айтты.
«Москванын геосаясый атаандаштары ар дайым «бөлүп ал, башкар» принцибин карманып келишкен жана азыр да аны улантып жатышат. Бирок биздин максат башка нерсе – орус элин бириктирүү» деди мамлекет башчысы.
Владимир Путин Россиянын башка тандоосу жок экенин кошумчалады.










