Акылбек Жапаровду ажолукка Таштемир Айтбаев сүрөгөндө
Эске салсак, убагында Курманбек Бакиев 2009-жылы шайлоону өткөрүп, мөөнөтүнөн мурда шайланып алган болчу. Агезде элдин нааразычылыгы курчуп, буюртма өлтүрүүлөр, камоолор күч алып турган. Жакырчылык элдин жанына батып, коррупция күчөп, жалпы каатчылыктын каары төгүлгөн кез эле. Бирок, күчкө салуу, коркутуу убактылуу экенине ынандык. 2010-жылдагы 7-апрель күнү жаңы тарых жаралганын чечмелебей эле коёлу...
А бүгүнкү күндөгү саясый абалыбыз кандай? Өткөн чактан сабак ала алдыкпы? Эми бул жагы көп сөз. Андан көрө биз элита арасындагы олуттуу кепке учкай токтололу. Коңулда жаткан лөктөр тымызын копшолушуп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болору талкууга алына баштаганы кандай? Сексенден ашкан УКМКнын экс-төрагасы Таштемир Айтбаев жердешчиликке салып, Акылбек Жапаров инисине керээз айтканы интеллигенция ичине желдей тарап кетиптир. “Биз жетпей калдык, эми Акылбек өзүң президент бол” дегени тар чөйрөдө талкуу жаратууда. Мындай зоболо көтөргөн жагымдуу сөз кимге жакпасын? Ичинен өкмөт башчыбыз кудуңдап, ажолук тактыга бир тепкич калганын сезип, кырдаалга жараша эсебин тапса, элди артынан ээрчитип кетпей эси жокпу? Өзү хан чыккан тукумдун урпагы болуп атса, Ормон хан, Турдакун Усубалиев, Аскар Акаевдин жолун жолдосо, калк кадырлабас бекен? “Сарыбагыштан экөө катар чыкпас, бирөө үзүлбөс...” деп Калыгул олуя бекер айткан эмес да. Ошондо “тилинде мөөрү бар” Таштемир Айтбаев иниси Акылбек Жапаровду сүрөп турса, “чуркаган эмес, буюрган алат” дегендей, чын эле кийинки президент болобу? Маңдайга жазып койсо, тагдыр жазмышынын келме кезеги келеби? Ой, коё туралы, чын эле тараза ташы ооп бараткан жокпу?
Айтмакчы, Калыгул олуянын айтканы турмуш жүзүндө далилденип келет. Сарыбагыштан чыккан Турдакун Усубалиев менен Аскар Акаев узак жылдар бою кыргыз элин ийгиликтүү башкарышса, кийинки кезек Акылбек Жапаровго ыроолондубу? Кыргыз элине “майкөл-сүткөл” замандын тартуулана турган кезеңи жакындадыбы? Эмесе, байыркынын төлгөсүнө баам сала туралы. Аз калган окшойт...
"Азия Ньюс" гезити