Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайгы тартуулаган үйлөнүү той, кызды кайын журту да, ата-энеси да кубалап чыгышты

Кайгы тартуулаган үйлөнүү той, кызды кайын журту да, ата-энеси да кубалап чыгышты

08-сентябрь, 17:40
888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Россиянын атынан "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына лицензия уткан балбан Заурбек Сидаков үйлөнүү тою өтүп жаткан учурда колуктусунун уяттуу сүрөттөрү тааныштарына келип, тойдон сүйрөп чыккандыгы кабарланган.

Балбандын бул окуясы интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, айрымдары Заурбек Сидаковго күнөөнү оодарса, кээ бирлери күнөөнүн баары кызда экендигин жазышкан. Ал эми балбан Заурбек Сидаковдун досу бул окуядан кийин кыздын дагы, Заурбектин дагы ата-энелери катуу сокку алганын россиялык басылмаларга билдирген.

"Албетте, бул окуядан кийин Заурбек дагы, Мадина дагы жана алардын ата-энелери дагы чоң сокку алышты. Бул окуядан кийин Мадинаны үйүндөгүлөр дагы кубалап чыккан. Учурда ал Москвада экен. Анын бир тууган байкеси ызасына чыдабай, үйүн болушунча бүт талкалаптыр. Кыздын атасы жүрөк оорусу кармап, ооруканада жатат.

Заурбектин апасы дагы деле өзүн жаман сезип жатат. Заурбек болсо өзүн алаксытуу үчүн тоодо машыгуусун улантууда. Биз менен бул теманы талкуулабайт. Достору дагы эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп жатабыз. Заурбекке бул окуяны эстеткибиз келбейт. Анткени ал тойдон кийин кичинекей баладай катуу ыйлаган" деген балбандын досу.

Досунун айтымында, Заурбек Сидаков менен Мадина 28-апрелде сейилдеп жүрүп таанышып калышкан. 


Super.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер