Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмир Сарпашев, ишкер: “Барган сайын парламенттин баркы кетип баратат”

Эмир Сарпашев, ишкер: “Барган сайын парламенттин баркы кетип баратат”

10-ноябрь, 19:50
685 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоого чыгып аткан талапкерлердин басымдуу бөлүгүнө сын-пикирлер арбып, коомчулукта бир топ талкууларга жем ташталды. Депутаттык мандаттын баркы кеткени ушулбу?

-Барган сайын парламентибиздин баркы кетип бараткандай. Буга коомубуз да себеп болушу мүмкүн. Депутаттардын арасына "кылмышкерлер", "сабатсыздар", коррупционерлер кирип кетип жатпайбы. Ошол себептен эл арасында түрдүү сөздөр козуп баратат. Мындай учурда сын пикирлер айтылып, талкуу жаралбай койбойт.

-- Оюна келгени эле депутаттыкка ат салышам деп БШКга арыз таштап, 300 миң төлөөрдө эле ар кайсыны шылтоолоп, талапкерлигин алып жаткандар бар. Булар боюнча кандай пикирдесиз?

-- БШКга келип арыз жазып, кайра талапкерлигин өз эрки менен алып таштагандардын көпчүлүгү өз округундагы талапкерлер менен соодалашыш үчүн эле ошондой кадамга барып жатышкандай. 

-- БШК бу сапар эмнеге так болушу керек? 

-- Мен жогоруда айтпадымбы, парламентибиздин арасында татыктуу эмес депутаттар шайланып келген учурлар арбын. БШК мына ушуга так болушу керек.

-Кечээ депутат болуп, бүгүн каттоодон өтпөй, кылмышкерге айлангандар боюнча кандай пикирдесиз?

 -- Буга чейин кээ бир депутаттар кылмышкерлер менен табакташ болуп келгенин коомчулук деле билет. БШК мына ушундай жагдайларга катуу маани берип жаткандай.

-Сиздин оюңузча, шайлоочулар депутаттарды кайсы критерийде карап, шайласа дейсиз? 

-Менимче, депутат деген билимдүү, ой чабыты, акыл казынасы кенен, элибиздин чыныгы патриоту болуш керек.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер