Ортобуздагы сезим үнсүз муздап баратат. Сүйүүгө зармын...


Үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл болду. Эки баланын ата-энесибиз, бир уул, бир кызыбыз бар. Жакында эле дагы бир уул төрөдүм. Турмушубуз сыртынан караганда идеалдуу. Күйөөм ичпейт, үйгө убагында келет, акчасын жашырбайт, баардыгын камсыз кылат. Үйдү да менин атыма жаздырды. Эч нерседен кем эмесмин.
Бирок жүрөктүн бош калган жери бар… Мурда жаңы үйлөнгөн кезибизде кучактап, эркелетип, жылуу сөзүн аябаган адам эле. Биринчи баладан кийин баары бир заматта өзгөргөнсүдү.
Мен болсо колдон келишинче тыкан жүрөм. Үй-бүлөсүнө сый көрсөтөм. Тамак-ашы, үйдүн тартиби баары ордунда. Балдарга кам көрөм. Же чындап эле мага аял катары кызыгуусу өчтүбү? Кээде “балдар үчүн гана жашап жүрөбү?” деген оор ой тынчтык бербейт. Кучактайын десем, “кучактабачы” дейт. Ошентсе да үйгө кечикпейт. Акчасын толук берет. Жоопкерчиликтүү. Бирок жылуулук, сүйүү жетишпейт.
Эл-журт “сонун аялы бар” дешет. Ал болсо жөн гана “мм” деп коёт.
Же ортобуздагы сезим акырындап үнсүз муздап баратабы?..
Эля











