Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арслан Койчиев бийликтин жазуучусу болгону үчүн чыгармалары сындалбай атабы?

Арслан Койчиев бийликтин жазуучусу болгону үчүн чыгармалары сындалбай атабы?

29-апрель, 00:22
1 444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр Арслан Койчиев Эл жазуучусун алып, андан соң Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка да көрсөтүлүп, комиссия мүчөлөрүн таңгалдырганы эсибизде. Кызыгы, бир жылда катар-катар сыйлыктарды алганга болбосун айтышып, араңдан зорго токтотуп калышканбы? “Нысапсызга кашың сунсаң эки ууртайт” деген лакап кеп эске түшүүдө. 

Айтмакчы, жакында адабиятчылар тар чөйрөдө масилет курушуп, Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик”, “Бакшы менен Чыңгызхан” аттуу романдарын “жиликтеп” таштоо боюнча аргументтер айтылып, бирок ачык чыгууга даашпаганы эмнени билдирет? Ортозаар таризинде бааланууда. Көрсө, автор президентке жакын адам экен, анын кеңешчиси катары жүргөнү адабиятчыларды кооптондуруптур. “Романдарын сындап, жокко чыгарып салсак, анык балээсине калабыз. Азырынча унчукпай туралы, эл катары жөө жүргөндө “соёлу” деп токтошуптур. Ошондо бийликтин адамы болгону үчүн жазуучу катары ардакталып, төрдөн орун тийген кезеңиби? Акыры чыгармачылыгы адилеттүү талданышы керек да. Эртеби-кечпи “эрке балалык” доору тамамдалса, калемин “кайраган” нак сынчылар романдарын “шылып” түшүүгө батынышса керек... 


Тайлак Назымов 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер