Манат Бообекова, акын: “Махабатты гана жаза албай койдум...”

-- Манат эже, арыбаңыз! Иштериңиз, ден соолугуңуз жакшыбы? Бүгүн жаңы жылды бирге тосолу деп досум экөөбүз сизди чайга чакырганбыз, сүйлөй отуруңуз. Маектешип отуралы. "Манат" деген ысым эмнени түшүндүрөт болду экен?
-- Бар болгула, асыл кыздар! Бул өтүп кетүүчү дүйнөдө ушинтип сыйлашып, чай ичишип турганга не жетсин, рахмат!
Тээ жаш кезимде “атымды эмнеге Манат койдуңар? Эркек баланын атындай угулат” деп чоң ата, чоң энеме нааразы болуп калчумун. Энемдин "атыңдан айланайын, жакшы ат болгону үчүн артыңдан бир туугандарыңды ээрчите келбедиңби” деп калган жайы бар. Кыз баланын артынан эркек бир тууган келсе, кыргызда “акжолтой” деп коюшчу эле го. Кийин ысымым өзүмө деле жага баштады. Ыйык ысым катары кабыл алдым. Себеби, Манат десе Манас дегендей, Манас десе Манат дегендей угулат кулагыма. Антикалык адабиятта көп Кудайлар болуп, алардын ар биринин миссиясы болгон эмеспи. Манат – тагдырдын Кудайы делген. Манат кимди кандай тагдырга буюрса, өкүм ошондой болгон дешет. Өлүмдүн да Кудайы дешет.
-- Өлүмдүн Кудайы деген укмуш сөз экен эже...
-- Ооба, мен дагы биринчи жолу укканда "селт" эткем. Манат ысымы өтө ыйык болгондуктан, түскө да салыштырышкан. Көздүн жоосун алган кыпкызыл, кырмызы дегенди да билдирет. "Манаттай асман кызарып, магдырап барат айланам" деп Жусуп акын бекеринен ырга кошпогон да. Алтын жалатылган акча бирдигин да манат деп аташкан экен. Грузиндерде кымбат баалуу кездеме. Будда Кудайынын бир кызынын аты да Лат-Манат. Айтор, Манат деген ысым мен үчүн өзгөчө.
-- Ысмыңыз ыйык турбайбы. Өз атыңызга татыктуу эле өмүр сүрүп жатасыз, эже.
-- Ушул ысымга татыктуумунбу? Айта албайм. Маанисин билген соң, өзүм да өз атыма татыктуу жашасам деген ниетим болгон. Эмне болсо да жашоодо жакшы бир нерсени калтырыш керек го деп күч-аракетимди жумшап жашап жатам.
-- Чыгармачылыкка качан келгенсиз?
-- Чыгармачылыкты китеп окуудан баштадым. Биз ыр, жомок угуп чоңойдук да. Ыр жазгым келип, делөөрүп, башкалар көпөлөктү гүлгө кондурса, мен ташка кондуруп жазыпмын. Тактап айтсам, таш үстүндөгү кылайган чөптү элестетсем керек го. Классташтырымдын кээ бири жиниме тийсе ыр жазып койчумун. Бир жолу бир балага:
"Кубан деген кубалаак,
чимкириги чубалат" деп эки сап "ыргытып" койдум.
Дагы бирөөсүнө:
“Добуш деген домбура,
чертсең башка сонун да...”
Албетте, булар чыгармачылыкка жатпайт. Анда төртүнчү эле класста окуйт элем. Мектепти бүтүрөр жылы райондук гезитке биринчи мугалимиме арналган ырды жибердим. Чыгармачылыгым биринчи мугалимиме арналган ырдан башталды десем болот.
-- Мектепте кандай окугансыз?
-- Мектепте ачыгын айтсам, ден соолугумдан мүмкүнчүлүгүм чектелип, ооруканалардан чыккан жокмун. Жаштайымда эки көзүмдөн операция болдум. Көзүмдүн көрүүсүнүн начардыгына карабай, тирмийип, жуурканды чүмкөнүп, кол фонарикти алып, жашынып китеп окучумун. Ооруканага жатканымда китептерден ала кетип окуп, экзамендерди мугалимдердин көтөрмөлөөсү менен бүттүм. Алар деле сабакка ынтызар аракетимди көрүштү да. Классташтарым болсо мени аяшчу. Жанагы пол жууган дежурлуктан чыгарып да коюшкан. Колхоздун талаасына, картошка, кызылча терүүгө, ар кандай жумуштан, дене тарбия сабагынан да бошотуп коюшкан. Буга капаланып калчумун. Ошого карабай, эки-үч жолу талаа жумушуна аралашкан күндөрүм болду. Айыл күндөрүнөн жазган "Ишаарат" деген китебиме айрым классташтарыма арналган достук азилимди, макалаларымды кошуп чыгарып койгом.
-- “Класста эң бир илмийген мажүрөөсү, эң оорукчаны мен элем, бирок ошолордун ичинен чоң окуу жайды мен бүтүрдүм” деп бир курдай айтып калдыңыз эле...
-- Ооба, ошондой болгон. Жогорку окуу жайына өтүшкөнү менен тилекке каршы бүтпөй калышты.
-- Жактырган мезгилиңиз кайсы?
-- Жылдын төрт мезгили тең жагат. Анткени, баардык мезгилдин жаркырап тийген күнү бар эмеспи, күндү жакшы көрөм, караңгылыкты уйкуга киргенде гана жактырам.
-- Сүйүү ырларына кайрыласызбы?
-- Мекенди сүйүү, элди, жерди, табиятты, мезгилди, кыргызымды, кыргыз баалуулуктарынын баарын сүйүү деп жазам. Тек, махабатты гана жаза албай койдум. Жазсам, жашап эмес, жасап жазат экемин. Жасап жазгым келбейт экен.
-- "Манас эл” коомуна кандайча келдиңиз?
-- "Манас эл” коому тууралуу тээ 2010-жылдары уккан элем. Ысык-Көлдө райондук китепканада иштеп турганда Манас–1000, Манастын жети осуятын элге жайылтуу иши баардык регионго тапшырылбадыбы. Ошондо бул ишти менин мойнума илишти. Адабий, маданий иш-чараларды өткөрүп, сценарий жаздык. Тилекке каршы, от жагылбаган муздак имаратта иштеп, оор операция болуп, ошондон кийин токтоттум. Ошол мезгилдин оппозициясы катары жумуштан өз арызым менен кетүүгө мажбур кылышты. Бирок, оппозиция болгудай бийликке каршы ураалап чыккан деле жокмун. Тек, бетке айткан чынчылдыгым айрымдарга жакпады көрүнөт. Кыргыз-казакка орток жазуучу Муктар Ауэзовдун китепкана-музей үйү кыскарып, жабылганына карабай, жайкысын эшигин ачып, Саламат Табышева эже экөөбүз маянасыз иштете бердик. Келген меймандарды үйдүн ичиндеги экспозиция менен тааныштырабыз, китеп беребиз. Чыгармачылыкты ошол жерден уланттым. Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат аганын көмөгү менен "Муктар Ауэзов жана Кыргызстан" деген китеп чыгардык. Чыгармаларым кыргыз гезиттерине, казак сайттарына чыга баштады. Кийин Бишкекке биротоло келдим. Акын Бурулкан Карагулованын "Кыздар ай" тобуна келип кошулуп, поэзияга болгон кызыгуум дагы да арта түштү. Акын кыздардын бир топ ыр жыйнак топтомдору чыкты, ичинде менин да ырларым бар.
Ошол жерде "Манас эл” коомунун мүчөлөрү да бар эле. Союз кезде "Чалкан" журналында иштеген Айшеке Курманова эжебиз чакырып калды. Макиш (Майрамбү Абдыканова) эжеңерди ээрчип барып калдым. Коомдун жетекчиси Асан Жакшылыков агай экен. Көңүлдө кыттай уюп жүргөн идеяларымды айтып, ишке киришип кеттим.
-- Дарт кыйнап, дары ичип калганда эмне жөнүндө ойлоносуз? Эркиңиздин бекем экенин билем, кээ бирөөлөр кейишет эмеспи, сиз дайыма күлүп жүрөсүз...
-- Баардык ишиме ден соолугумдун жабыркашы кедергисин тийгизбей койгон жок. Айыкпас дарт мойнума илинсе да, унутуп коюп жашаганга өттүм. “Өлсөм өлдүм, калсам калдым” деген менен өлүмдү күтүп жашагандан жаманы жок экен. Кудайдан тилегеним – төшөккө жатып калып, кыйналбасам экен дейм.
-- Өмүр өзү ушундай өксүк нерсе, өтүп кетчү нерсе экен. Кечээ гана жаш элем, бүгүн чачты бубак аралады дегендей... Эмнеге жетишип, эмнеге жетишпей калдым деп ойлойсуз?
-- Дээрлик кыйынчылыкка карабастан, бул иш жараткан Теңирдин буйругу менен болгон болсо, “жетишкеним да, жетишпегеним да бул” деп айтыш кыйын. “Ка-ап, ден соолугум болгондо...” деген өкүт, өксүк менде көп. Кайсы бирин айтайын...
-- Жаңырган жылда алдыга кандай максаттарды койдуңуз?
-- Кудай Таала “ушул миссияңды толук аткарбай кетипсиң” дегендей, мурдагы маянасыз иштеген кызматыма, жакшы адамдардын сунуш, көмөгү менен кайрадан иштей баштадым. Мурас жай кышкысын суук, бир кичинекей бөлмөсүнө жылыткыч сайып отурабыз. Башка бөлмөлөр суук болгондуктан, окурмандар да аз эле катташат экен. Жаныбыздагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” курорттук-санаториясына эс алгандар да бирин-серин келип, музейди көрүп кетишет. Учурдагы максатым – Мухтар Ауэзов мурас жайында иштеп жаткан соң, жазуучунун чыгармаларын, "Манас" эпосун коргоого күч жумшаган эмгегин унуттурбай, кийинки урпакка жайылтуу, кыргыз-казак адабий, маданий карым-катнашын бекемдөө. Эгер маданият министрлиги макул таап, көмөк көрсөтсө, жазуучунун унаа коё турган гаражын ремонттоп, үй ичиндеги китеп фондусун ошол жакка чыгартып берсе. Анткени, фонд көбөйүп, текчелерге китептердин батпай жатканы жашыруун эмес.
"Азия Ньюс" гезити