Чынара Мамажакыпова: “Мекенчил, датка энедей кеменгер айымдардын парламентке баруусу эң туура”
“Аярзат” коомдук бирикмесинин төрайымы менен маек.
-- Жогорку Кеңештеги айымдардын квотасы боюнча маселе көтөрүлүп, мырзалар тараптан мыскылдуу пикирлер да айтылбай койгон жок. Айымдар парламентке көп келсе эмнени өзгөртөт?
-- Негизи аял – эне. Эне – бул коомдун уюткусу, эне болбосо дүйнө жүзүндөгү адамдар кайдан жаралмак? Аялдардын коомдо жүрүшү, эл арасында болушу бир чети мусулманчылыкка, шариятка туура келбейт болуш керек. Бирок “заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол” деген накыл кептей заманга шылтай бербей, өлкөнү кантип өнүктүрүүнүн жолун издейли.
30 жылдан бери артты көздөй кеттик, алдыга жакшы өнүгө алган жокпуз. Көп жакшы мүмкүнчүлүктөрдү кетирдик. Эми кандай да болсо алга жылуунун камын көрөлү. Аял кишиге Кудай ушундай күч-кубат берет экен. Ички туюму да күчтүү болот. Үй-бүлөнү да сактап калчулар аялдар. Экономиканын, бюджеттин тилин түшүнгөндөр да аялзаты. Үй-бүлөнү бузуп коюу же сактап калуу көпчүлүк убакта аялдан көз каранды. Аялдар “мага бул үй жакпайт, муну менен жашабайм” деп азыраак кыйынчылыкка чыдабай басып кетсе, турмуш бузулуп калат. Үй-бүлөнүн пайдубалын кармап, кут төгүлтүү, эркек адамдын үйгө шашуусуна да, үйдөн качуусуна да шарт түзүү аялзатынын колунда.
Аялдан көп нерсе көз каранды. Мамлекеттик ишке дагы, шаардык кеңешке дагы аялдардын көп баруусун колдойм. Себеби, шаар – бул биздин кичинекей үйүбүз. Өзүбүз жашап жаткан кичинекей мамлекетибиз. Бул жерди дагы кооздоп, кулпунтуп, жарык кылып, сулуулук бөлүш үчүн аялдардын келиши зарыл. Жогорку Кеңешке да аялдардын өтүшү маанилүү. Кыз бурак болбосо да датка энебиздин көчүн улап, датка эненин сабырдуулугу, кеменгерлигинен сабак алып, мамлекетке кызмат кылсак болот. Эркектен ылдыйраак туруу – боло турган нерсе. Бирок аялдар ойлогон нерсени эркектер ойлой албайт. Эркектер үстүртөн ойлошу мүмкүн. Аялдарга окшоп майда-чүйдөсүнө чейин ой жүгүртүү алардын табиятына туура келбейт. Ошондуктан “Вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы”, “Эрди эр кылган дагы, кара жер кылган дагы аял” деп бекеринен айтылбаса керек. Мекенчил, датка энедей кеменгер айымдардын парламентке баруусу эң туура. Парламентке барат десе эле акчасынын күчү менен келип же чет мамлекеттен билим алып келген дегендей таасирлерди берүү туура эмес. Чыныгы кыргызга күйө турган, элге жанын бере турган, керек болсо жашоосунда акыркы каражатын дагы аябай, кыргыз үчүн күйгөн айымдар келиши керек. Парламентке барып алып, жеңилдигин көрсөтүп, же кыргызча так сүйлөй албаган, улутубузга күйүмү жок айымдар зарыл эмес.
Кечээ эле парламентте “баласы атасын сотко берсе болот” деген маселени козгогондор болду. Башка өлкөнүн таасирин алып, ошол нерсени сыйыштыруу туура эмес. Биз кыргыз болуп жаралганбыз, ушул боюнча калышыбыз керек. Кыргызга күйгөн чыныгы Курманжан датканын урпактары, байлыкка, бийликке кызыкпаган айымдардын көп болуусу зарыл. 30% эмес, 40% квота болушу шарт. Себеби биздин пикирлерибиз эркектердикинен айырмаланып турат. Чындап иштеп берүү үчүн айымдар парламентке керек, алардын келиши өтө маанилүү.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити