Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгер Курманбек Бакиевдин кайтып келишине шарт түзүлсө, коомчулук түп көтөрүлүп чыгышы мүмкүн

Эгер Курманбек Бакиевдин кайтып келишине шарт түзүлсө, коомчулук түп көтөрүлүп чыгышы мүмкүн

28-июль, 22:15
1 664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздардын караңгылыгынан пайдаланган тышкы жана ички душмандар мамлекетин оор абалга алып келишти. АКШ баш болгон капиталисттер өздөрүнүн бандиттик системасын түзүп алышып, башкаларга согуш ачып пайда көрүшкөн. Өздөрүнүн бузуку саясатын башка мамлекеттердин ички душмандары аркылуу ишке ашырышып, аларды баардык жагынан колдоп турушкан. Коалицияга бириге калышып, согуш ачып көнгөн капиталисттер бул жолкусунда Россияга асылышып, баарынын тиштери күбүлүп түшүүдө. АКШнын согушунан кыйроого учурап, жапа чеккен элдер Россияга ыраазы болушуп, колдоп жатышат. 

Ал эми Украинадагы фашизмди жактаган АКШ менен Европа өлкөлөрү Россиянын көп улуттуу элдерин жок кылууну, жаратылыш байлыктарын басып алууну көздөшүүдө. Бирок агрессорлордун аңкоолугу өз баштарына тийип, толгон-токой кризистерге батып калышты. Кыйрап жок болуп бараткан фашисттерге жан тарткан Борис Джонсон айдалып чыкса, Джо Байдендин рейтинги 10 пайызга түшүп, кылдын учунда турат. Фашизмге сугарылган украиналыктарды Европа элдери кабыл албай, алтургай польшалыктар кууп чыгышууда. “Эмне үчүн АКШ улутчул фашисттерди колдоп жатат?” деген суроо жаралат. Анткени алардын жүргүзгөн саясаты, максаты бири-биринен эч айырмасы жок. Адам кейпиндеги эки буттуулардан баарын күтүүгө болот: алдамчылык, бузукулук, куулук, баскынчылык, мыкаачылык, ачкөздүк ж.б. 

30 жылдан бери ушулардын жетегинде калган карапайым кыргыз эли өзүнүн улуттук сапаттарын жоготту. Капиталисттерден калган коррупция менен мафия кыргыз мамлекетин жок кылууга кызыкдар. Мурдагы президенттер, аларды бийликке алып келгендер бири-биринен өткөн көкмээлер экенин караңгы кыргыздар түшүнө алган эмес. Бүгүн да түшүнбөйт. Аялынын жетегинде жүргөн Акаев Кыргызстанды 15 жыл бою талкаласа, балдарын башкара албаган Бакиев мамлекетти 5 жыл майкандап, каршы чыккандарды каалашынча өлтүрүп, аягында жүздөгөн адамдарды аттырып, миңдеген жарандарды майып кылып качып кутулган. Эл убагында көтөрүлүп чыккан үчүн Кыргызстанды менчиктеп алган шылуундар пулдап ийгенге үлгүрбөй калышкан. Алардан кийин убактылуу президент боло калган Роза Отунбаева АКШнын айтканын ашыгы менен аткарган көңдөй аял экен, парламенттик башкаруу системасын түзүп, К.Бакиевге кызмат кылгандардын бирин калтырбай парламентке чогултуп келип, Кыргызстанды башкартып койгон. Бүгүн ошолордун баары кыргыз бийлигинде отурушат. Баарынын принциби – бийлик, байлык, акча жана “карга карганын көзүн чокубайт” болгондуктан мафияга айланышкан. Бакиевчилерге Лондон менен Минскден сигналдар келип жатканын алардын аракети айтып турат. Кытайдын чек арасын бери көздөй жылдыруу, логистикалык борбор куруу, Жетим-Тоону карматуу афераларына жеке эле биз эмес, Россия мамлекети да жүз пайыз каршы экени белгилүү. Караңгылыктан чыгыш үчүн АКШ орноткон “Кыргызстанды чачыратып жок кылуу” саясатын талкалаш керек. Кыргыз жерин, жаратылыш байлыктарын, алтын, суусун ар кандай жолдор менен пулдап ийүү же атайылап “алдатып ийүү” кылмыштуу кыянаттык катары бааланышы зарыл. Бирок АКШнын бандиттик системасын тышкы жана ички душмандар 30 жылдан бери пайдаланып келатышат. Эгер К.Бакиевдин кайтып келишине шарт түзүлсө, коомчулук түп көтөрүлүп чыгышы мүмкүн. Мындай учурду Лондондо жүргөн М.Бакиев билгичтик менен пайдаланып, Батыштын жардамы аркылуу кыргыздардан өч алары түшүнүктүү. “Оо улуу урматтуу Курманбек Салиевич, биз сиз мененбиз!” деген кошоматчылар экинчи жагынан көтөрүлүп чыгышса, АКШ менен НАТОнун асмандан издегени жерден табылат. Мына ушундай эң жөнөкөй нерселерди түшүнө албаган кыргыздардын караңгылыгын тышкы жана ички душмандар пайдаланып кетиши мүмкүн.  

30 жылдан бери кул мүнөз болуп бүтүшкөн кошоматчыларга цивилизациялык жашоо жарашпайт окшойт. Элди малга теңеп, каалашынча кырып таштап кете берген наадандарга айкөлдүк кылып, андан ары жок болуп кетүү коркунучу жаралдыбы? Бүгүнкү бийлик менен кыргыз эли биримдикте болуп, отко май куюп жаткан кошоматчыларга чукул чараларды көрүүлөрү керек. Митинг-пикет уюштуруп башаламандыктар башталса, миңдеген жарандардан айрылып, мамлекетибизди жок кылып алгандан Кудай сактасын! Элибизге, мамлекетибизге тынчтык керек. Анүчүн К.Бакиев жана үй-бүлөсү Кыргызстанга келбесин! Болбосо...


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер