Жасалма дипломдуу “токочтуу балдар”, же БШК кош стандарттуу оюн жүргүзгөндө
Оппозициядагы Рыскелди Момбеков менен Орозайым Нарматовага келгенде “жасалма диплом” чыры бир жумада күчүнө кирип, бирин БШК шайлоого талапкер катары каттабай койсо, экинчисин мандаттан ажыраткан. Ал эми УКМК атайын териштирүүгө алып, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Фархат Исмаиловдун, “Альянстан” Фарходбек Алимжановдун жасалма дипломдорун тастыктап, БШКга официалдуу түрдө кайрылган. Факты жүзүндө экөөнүкү тең далилдениптир. Ушунчалык да кош стандарттуу саясат жүрөбү? Же “токочу бар бала сүймөнчүк” деген лакап ойноп атабы? Айтор, бул чуулганга бир айдан ашты. БШК билим берүү жана илим министрлигине, университеттерге Фархат Исмаиловдун, Фарходбек Алимжановдун “дипломдорун” текшертимиш этип, убакытты созуп атканы кандай? Нуржан Шайлдабекованын эмне билгени бар? Ушундай кадамдардын айынан бийликке ишенбөөчүлүк жаралат да, туурабы? Сөзсүз эле мыйзамсыздыкты жогорку төбөлдөр айтып чыгышып, аралашуусу керекпи?
"Азия Ньюс" гезити