Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбекти “аферист” деп, Шакиевди “шакалга” теңеген Мамыркулова алдыда баратат
Акылбекти “аферист” деп, Шакиевди “шакалга” теңеген Мамыркулова алдыда баратат
03-январь, 19:30

Фейсбукта бийликти ачуу тили менен сындаган Канышай Мамыркулова алдыда баратат. Акылбек Жапаровду “аферист” десе, Нурланбек Шакиевди “шакал” деп тергеп, экөөнүн элге жасаган кыянаттыгы боюнча берген баасыбы? Мындай жагдайда журналистти колдогондор арбын. Ал эми “иниси” Камчыбек Ташиевге көп ачууланбайт. “Эжеси” катары азырынча азуусун анчейин сала элек. Асыресе, Канышай Мамыркулова абасы Садыр Жапаровду өкмөт башчы Акылбектин деңгээлине түшүрө сокпосо да, жөөлөп өтүп, жасаган иштерине көңүлү толбой, маалы менен көзгө сая пост жазып турганын байкайбыз. Өзгөчө тууну өзгөртүүдө кесиптешибиз катуу туруп, кыйла эле чырылдап, мекенчилдигин көрсөттү. Жалпысынан баа берсек, Канышай айым бийлик төбөлдөрүн сындаган жагынан камчы салдырбай, катуу чамынууда. Эркек саясатчылар коңулга баштарын катышып, жүрөктөрү түшүп жатышканда, Канышай Мамыркулова кадимки Жаңыл мырзадай эле жаалданган духу менен бийликке айбатын курчутууда. Ооба, бул да сейрек көрүнүш. "Азия Ньюс" гезити











