Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түштөгү аян: Айзада муунуп каза болуптур, көрсө...

Түштөгү аян: Айзада муунуп каза болуптур, көрсө...

05-сентябрь, 12:18
2 928 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ооба, түшкө эмнелер гана кирбейт. Мен бул окуядан кийин өзүмдү көп күнөөлөчү болдум. Эмнегедир ошол күнү көргөн түшүм көз алдымдан кетпей, андагы жалооруй карап турган Айзаданын армандуу, аялуу көз карашын эстеген сайын, жанымды коёрго жер таппай карбаластайм. Көрсө, ал менден жардам сурап, кайрылып түшүмө кирген экен...

...Мен аны менен мектепти бүтүп келип, жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин тааныштым. Шаарда жакын туугандарым жок болгондуктан, окуу жайдын жатаканасында жашап калууга туура келди. Ал мезгилде баардыгы жатаканада жашашчу. Айзада да мен сыяктуу экен. Ошентип, эки башка факультетте окусак да, экөөбүз бир бөлмөдө беш жыл чогуу жашап, ынак курбулардан болуп калдык. Ал жылдыздуу, ачык-айрым, оюндагысын бетке айткан шыр мүнөздүү кыздардан эле. Экөөбуз көп сырдашчубуз.

Университетти аяктаган соң, биздин жолдор эки бөлөк кетти. Бирок экөөбүз тең калаада иштеп жүрөбүз. Мен турмушка чыктым. Шаардын чекесиндеги жаңы конуштардын бириндеги мектепте мугалим болуп иштеп калдым. Айзада шаарда иштей баштады. Биз бат-баттан жолугуп, чер жазыша сүйлөшүп турчубуз. Ал биздин үйгө бат-баттан каттап турар эле. Андан кийин эле эмнегедир арабыз алыстап, биз кийинчерээк чанда гана кабар алышып калдык. Жарым жылдан кийин анын дайыны таптакыр эле билинбей кетти. Барып кабар алып коюуга менде мүмкүнчүлук болбоду. Төрөп калып, балага алаксып үйдөн чыга албадым. Ал болсо кабар бере алган жок.

Ошондой күндөрдүн биринде ал түшүмө кирди. Түшүмдө менден жардам сурагансып, жалооруй карап, бирдемелерди кобурап турган экен. Ал темир тордун, туңгуюктун ичинде тургандай сезилди.

Ойгонгон соң, көргөн түшүмдү эстеп, байкуш кыйналып турса керек деп ойлоп койдум ичимден. Эки-үч күн өтпөй жолдошум жумуштан келген соң, мага жаман кабар айтып калды. “Айзада бир жалган жалаага кабылып, азыр шаардагы милиция кызматынын убактылуу камалуучу жайында кармалып жаткан экен. Үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүп, сурак берип жатыптыр” деди.

Ошондо мен көргөн түшүмдү эстеп, ал менден жардам күтүп жүргөнүн сездим. Анткени Айзаданын ата-энеси мурун эле каза болуп, агасынын колунда өскөн. Агасы да көп балалуу жашаяламет эле. Айзадага жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин билчүмүн. Жолдошума айтып, ага барып жолугууга чечим чыгардым. Жолдошум мени колдоп чыкты. Бирок көр турмуш менен алектенип жүрүп, "мына-мына барам" деп атып, бир топ күндү өткөрүп жибериптирмин.

Айзада бир күнү кайрадан түшүмө кирди. Бул жолкусунда ал өткөндөгүдөн да жүдөп, өңүнөн азып калгандай сезилди. Баягыдай эле жалооруган, жардам сураган көз караш. Мына ошондон кийин гана мен белсенип, эки-үч күн өткөрүп, ага жолугууга жөнөдүм.

Турмуш бизди жолуктурбады. Мен барып, жүрөк титиреткен көрүнүшкө туш болдум. Ошол түнү Айзада башына түшкөн мүшкүлгө чыдай албай өз жанын өзү кыйып, муунуп өлүп алыптыр. Мен барган маалда анын сөөгүн доктурлар алып чыгып кетип бара жаткан экен. Убактылуу кармалуучу жайдын кызматкерлери мага анын буюмдарын беришти. Буга чейин жакын адамдарынан ага эч ким барган эмес тура. Ошол Айзаданын буюмдарын аңтарып жатып арасынан бакыйып ак баракка жазылган катты таап алдым. Катында ал жалган жерден жалаага кабылганын, өзүнүн бул жерде эч күнөөлүү эмес экендигин айтып, куран түшүрүп коюну сураныптыр. Андан да таң калычтуусу, чын эле Айзаданын боюнда бар болуп отурбайбы. Бул ал өлгөндөн соң билинди.

Жакын досум эки жолу түшүмө кирип, аян берип жардам сурады. Мен анын өтүнүчүн аткара албадым. Колумдан эч нерсе келе алган жок. Мүмкүн учурунда барып жолукканда, анын жашоосу дагы уланат беле? Ошондон бери өзүмдү күүнөөлүү сезип жашап келем. Бул жалган дүйнөдө аны эстеген сайын көзүмө жаш алып, ыйлагым келет...


Азима, Бишкек шаары

Сырдуу дүйнө

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер