Күйөөм мени таштап, башы бош классташына үйлөнүп алды


Москва шаарында жашап, иштеп жүргөнүбүзгө 9 жылдын жүзү болду. Балдарыбыз кайненемдин колунда. Кудайга шүгүр, төрт балабыз бар. Эки жыл мурун жолдошум “20 жылдыкка барам” деп даярданып калды. Мен жумушума байланыштуу Москвада кала бердим. Ал учуп кетти. Классташтар менен жолуккан күндөн баштап мени менен телефондон сүйлөшпөй калды. Үйгө чалам, дайыма жок болот. Досторуна чалам, күйөөмөн дайын жок. Көрсө, менден жашырып, айтпай жатышкан сыры бар экен.
Мектепте окуп жүргөндө сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөн кызы да 20 жылдыкка келген тура. Ал кыз турмуштан ажырап, башы бош жүрүптүр. 20 жылдык да бүтөт. Классташтарынын баары үйлөрүнө тарашса, менин жолдошум экөө бир жакка түнөп калышат. Алардын кылыктарын баардык классташтар да билет. Ошол күндөн баштап биздин турмуш бузулуп, мамилебиз мурункудай болбой калды. Мурунку сезим, жылуу сөздөрүм, сый-урматым жоголду.
Кыскача айта кетейин, биздин кетирген катабы, же турмуштун башка жазганыбы, билбейм, бирок эч кимдин башына мындайды салбасын. Бир өлүп тирилдим. Эми жашообуз кантет? Кимдир бирөөгө сабак болсо (!) деген ойдо жазып жатам. Күйүттүн күчүнөн тирүүлөй өрттөнгөндөй абалдамын. Аны азыркы күнгө чейин кечире албайм.
Нуркыз
"Азия Ньюс" гезити











