Доскул Бекмурзаев: “Электр энергиясына болгон тарифтер өспөйт, жарандар кабатырланбай эле коюшсун”

КР өнөр жай жана энергетика министри менен маек.
-- Доскул мырза, бүгүнкү күндө карапайым элди кооптондурган электр жарыгына болгон баа жана анын өсүшү. Ушу боюнча түшүндүрмө берип кетсеңиз?
-- Электр энергиясына болгон баа мурунку тариф менен сакталып турат. Биздин жарандар бул боюнча кабатырланбай эле коюшса болот. Анткени, пенсия, пособие, эмгек акылар тийешелүү деңгээлде эмес. Президент, өкмөт башчы да түшүнүп турат. Тарифтер социалдык абалга жараша коюлган. Ооба, “электр жарыгын өндүрүүдө көйгөй жок” дегенден алыспыз. Канчалык татаал болбосун, аларды болгон күч-аракеттерди жумшоо менен чечсе болот. Бул кызматка келип, жакындан “ашканасы” менен тааныша баштаганда, энергосистемада баардык жаралган көйгөйлөрдү ушуга чейин экономикалык жагына басым жасап чечип келген. Башка жактарына көп деле көңүл бөлүшкөн эмес. Энергетиктер көпчүлүк учурда саясатка аралашып кеткен. Биз саясаттан жаа бою качышыбыз керек. Ар бир энергетик адис өз ишин кылганы оң.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити