Кеңешбек Дүйшөбаев: “Июнь окуясы боюнча биз эч кандай чочулабайбыз!”

-- Кеңешбек ага, “2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу сиздин үстүңүзгө кара булут айланууда” деген сөздөр коомчулукта пайда болду. Ушу боюнча эмне дейт элеңиз?
-- Ал сөздөр бүгүн эле пайда болгон жок, көптөн бери айтылып келе жатат. 2010-жылдын июнь айындагы окуялар боюнча эл аралык, мамлекеттик, депутаттык комиссиялар иштеп, корутундулары жарыяланып, баардык деңгээлде каралып, тийешелүү чаралар көрүлгөн. Далай кылмыш иштери козголуп, соттун өкүмдөрү чыккан. Баары мыйзам чегинде болсо, Июнь коогалаңы боюнча биздин чочуй турган эч нерсебиз жок.
-- Сизддердин “Бириккен демократиялык кыймыл” учурда кандай иштерди алдыга жылдырууда?
-- “Бириккен демократиялык кыймыл” өз планы боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрүп жатат. Бир нече “тегерек үстөлдөрдү”, жыйындарды өткөрүп, орчундуу маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасадык. Ал боюнча массалык маалымат каражаттарында, интернетте, соцтармактарда маалыматтар абдан көп. Таанышып чыксаңар болот.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити