Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карантин кыргыз коому эмнеге өксүк экенин ашкереледи! Келечек кандай болот?

Карантин кыргыз коому эмнеге өксүк экенин ашкереледи! Келечек кандай болот?

22-май, 16:39
752 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карантиндин айынан түрдүү кризистер орун алууда. Биз аң-сезим кризисине да кептелген жокпузбу? Деги акыркы күндөрдөгү коомчулуктагы окуялар сизге кандай таасир калтырууда? деген суроолорду терең ой жүгүрткөн белгилүү инсандарыбызга узаттык.


Бекташ Шамшиев, эркин журналист

-- Жалгыз биз эмес, бүт дүйнө үрпөйүп турганда ким да болсо капыс келген апааттан алдастабай, коркуп-чочулабай койбойт. Адамзат мындан оор сыноолорго туш келген, табияттын ушинтип бир силкинип алмайы бар экен. Анүстүнө урбандуулук күчөп, караламан калк тар жерлерге шыкалып толуп алган шаарларда, санарип технология өнүккөн кылымда жугуштуу оорунун таралышы оңой экен. Андан сактануунун жолу андан бешбетер татаал тура. Таажы вирус – көрүнбөгөн жоо. Цивилизациянын өнүгүүсү менен мындай апаат-сыноолор көбөйө берет окшоп калды. Бай-кедей, чоң-кичине дебей, адамдар, өлкөлөр, континенттер ушу тапта шүйү качып, кырдаалдан чыгуунун айкын амал-аргасын таппай туру. Мындан чыгуунун жолу сиз айткан аң-сезимге байланыштуу. Өзүңдү эмес башкаларды ойлоп, ошолордун камын көргөндөр апааттан азыраак зыян менен чыкчудай. “Боло берет, өтүп кетет деген жарабаган адат экенин оору аныктады. 

Кеп удулу келгенде өлкөбүздөгү бир жакшы нерсени белгилей кетиш керек болуп турат, биздин өкмөт баарылап сөгүп-сагып атканыбыз менен сергек, тың экен. Оор апааттын алдын алып, кыйла өмүрдү сактап калды. Эми бу таажы вирустун жаман жагы – өлөсөлүү экономикабызды биротоло баткакка тыгып кетмей болду. Буга кошумча, даярданбай туруп эле парламенттик башкарууга өтүп алдык эле, партияларыбыздын жаштыгынан, саясый маданиятыбыздын төмөндүгүнөн дагы кыйлага чайналат окшойбуз. “Көпчүлүк менен көргөн той” деп коёт кыргыз, көптөп оор сыноодон чыгып кетебиз, ал үчүн кичине чыдам керек.


Канатбек Мурзахалилов, дин иштери боюнча эксперт

-- Ааламды каптаган коронавирус илдети чындыгында дүйнөдөгү эң күчтүү деген мамлекеттердин дагы социалдык-экономикалык абалын эңшерип койду. COVID-19 кризиси башталганда көпчүлүгүбүз ойлогон болушубуз керек, “эми дүйнөдөгү башкаруу тартиби өзгөрөт, алсыз экономиканы күчтүү система өз ичине сиңирип алат” деп. Азыр дүйнө акырындап ошого бараткандай. Биз сыяктуу кичине мамлекеттер саясатты кичине ары жылдырып туруп, ириде өз социалдык, медициналык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө батыл киришүүсү зарыл. Эми бул маселени биздин өлкө кандайча чечерин убакыт көрсөтөт. Өзгөчө кырдаал абалы курчуп турган убакта ажобуз эл аралык финансы институттарына кайрылып, каржылык жардам дагы сурап жатты. Дүйнөлүк банктан келген жардамдын биринчи траншы ички карызды жабууга жумшалгандыгы тууралуу  расмий маалымат дагы медиаларда айтылды. Бул эми пандемиянын бир эле жагы болду сыяктуу. Ооба, сиз туура байкагандай, коомдогу аң-сезим кризисин социалдык обочолонуу, карантин убагы дагы таасын көрсөтүп койду. Карантин убагында көпчүлүгүбүз күчүбүздү социалдык тармактардан чыгарып, түрдүү посттор аркылуу кыргыз коому эмнеден өксүп, эмнеге муктаж, кимге ыраазы болуп, кимге нааразы экендигин байкоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жалпы жонунан көпчүлүгүбүз руханий жактан жардылыкка дуушар болуп, расмий же фундаменталдуу түшүнүктөрдү камтыган маалымат, китептерден көрө, жалаң гана интернеттеги, социалдык желелердеги жеңил-желпи, фейк маалыматтарга көбүрөөк ишенип, роботтошуп бараткандайбыз. Карантин маалында жалпы кыргыз эли сыяктуу бизди дагы эң эле өкүндүргөнү – кырктын кырына эми келген эки залкар замандашыбыз Элмирбек менен Зайырбектин ааламдан өтүшү өтө өкүнүчтүү болду. Андан сырткары, кечээ эле обсервацияда жаткан мекендештерибиздин тополоң кылып үйлөрүнө чыгып кетиши, алардын кылыгына бийликтин эч кандай чукул реакция жасабай коюусу дагы балким, бийлик институттарынын бекемдигине доо кетириши мүмкүн экендигин четке кагууга мүмкүндүк жаралып калды. Ал эми парламенттеги окуялар көпчүлүк үчүн шоу сыяктуу эле болуп калды чамасы. Депутаттардын сүйлөгөнүнө түрдүү мемдердин вотсап, телеграмм чаттарда таралуусу анын айкын мисалы. Негизи, өз убагында бийлик тарабынан көрүлгөн карантин режими бул илдеттин кеңири жайылуусуна бөгөт койду. Аны дайыма акыйкат үчүн айта кетүүбүз абзел.


Фатима Султанова, этно ырчы

-- “Буйруксуз куурай башы сынбайт”. Ооба, жашоодо баардык өзгөрүүнүн өз максаты бар. Учурдагы кризис, карантин, вирустун да өзүнүн чоң бурулуш жасоочу миссия, милдети бар. Вирус карантинди, карантин кризисти, кризис өзгөрүүнү киргизүүдө. Өзгөрүү демекчи, бул планетардык масштабдагы эски калыптанып калган системанын өзгөрүүсү күтүлүүдө. Адамды атам замандан бери башын айлантып, жыртык чапандай болуп илээшкен кайталанма жашоо эрежелери, оюндары бир заматта тыйпыл болду. “Жаман айтпай жакшы жок” демекчи, бизге учурда ушул абал өтө керек болчу. Анткени эс алуу, тынчтануу, үйдө болуу менен өзүбүзгө, эсибизге келе түшкөндөй болдук. Көп өзгөрүүлөр али алдыда. Бул ошол өзгөрүүлөрдүн учкуну, башаты. Албетте ар бир кыйроо, кыйынчылыктын артында жаралуу, төрөлүү, оңолуу, өсүү, өзгөрүү бар. Азыркы абал да ошондой жакшы, жаңы, тирүү баалуулуктарды бизге кайтарып бергени турат. “Дооматтын арты оомат” дегендей, адамзат өзүнүн ооматын оодарып алууда. Терең түшүнгөндөр үчүн бул чоң жеңиштин, жаралуунун, өзгөрүүнүн, өсүүнүн кадамдары. Буюрса, баары сонун болот. Менин байкоом боюнча баары жаңыланууга карай багыт алды. 


Рысбай Исаков, манасчы

-- Ар түрдүү кризистерди карантинге шылтоологонубуз болбойт. Айрыкча аң-сезимдин кризисин карантин менен чектеген болбойт. Аң-сезимдин, жандүйнөнүн байлыгы кандай кырдаал болбосун өз мүмкүндүгүн көрсөтөт. Эгер карантинге карата аң-сезимде кризис болуп жаткан болсо, анда ал аң-сезимдеги толук жетилбегендикти көрсөтөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер