Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Ош мэри акыл-эстүү, аналитикалык ой жүгүртүүсү жогору адам болушу керек”

Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Ош мэри акыл-эстүү, аналитикалык ой жүгүртүүсү жогору адам болушу керек”

26-август, 23:25
1 118 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төлөгөн мырза, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоодогу музейдин айланасы каралбай калганын айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал Сулайман-Тоонун боорун мэрияга өткөрүп берүү сунушун берген. Анын бул сунушу коомчулук тарабынан да, маданият министри тарабынан да колдоо тапкан жок. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Оштогу “Сулайман-Тоо” музей комплекси республикалык маанидеги тарыхый жай катары эсептелет, анын курамына Ноокат районундагы Уркия Салиева музейи, Өзгөн районундагы музей комплекстери кирет. “Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчиси министрлер кабинети тарабынан дайындалат жана бошотулат. ЮНЕСКОго киргизүү боюнча Америкада өткөн конференция учурунда ошол мезгилдеги маданият министри Султан Раев эки саат англис тилинде Сулайманоо жөнүндө доклад жасаган. Ош мэринин Сулайманоону муниципалдык менчикке өткөрүп бергиле деп президентке кайрылуусу туура эмес. Дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирди, алардын талабына ылайык тарыхый жайлар мурда кандай болсо ошондой туруш керектиги маанилүү. Сулайманоо эл аралык жана Кыргыз Республикасынын мурастар жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык корук катары сакталат.

-Жеңишбек Токторбаев жалаң пиар менен алек болуп калган жокпу? Бала бакчаларды кыдырып, таракандардан күйөө балага куурдак кууруп бериңиз дегени, идиш-аяктан бери текшергени туурабы?

-- Бул саясый кызмат болуп эсептелет. Айрыкча Ош мэриясы республикалык маанидеги шаар, мэр акыл-эси жана аналитикалык ой жүгүртүүсү жогору адам болушу керек. КР Конституциясындагы ченемдик-укуктук актыларында аныкталган иш-милдеттерин, о.э. бийликтин ыйгарым укуктарын кесиптик негизде жүзөгө ашырган адам. Ал эми Кыргызстанда текшерүү укугу 10дон ашык мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги, өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы, мамлекеттик салык кызматы да бар. Ал эми жергиликтүү бийликтегилер: мэр, аким, айыл өкмөт башчыларында андай укук каралган эмес.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер