Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алаңгазар Акылбек Мамасейитов ИИМ орун басарлыгын сатып алганы калдыбы?

Алаңгазар Акылбек Мамасейитов ИИМ орун басарлыгын сатып алганы калдыбы?

13-февраль, 13:00
2 064 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен ОИИБнин начальниги Акылбек Мамасейитов ИИМ орун басарлыгына акчасын көтөрүп алып, чуркап жүрөбү? Ооба, өздүк курамдын ичинде уу-дуу кеп жүрүүдө. Бул эргулдун арты таза эмес. Эмесе, кеп башынан болсун.

Бир топ жыл мурда Акылбек Мамсейитов Бишкек шаарындагы “Мэри” кафесинен мушташ чыгарып, пивонун кружкасы менен каршылашын башка чаап, оор жаракат келтиргенин кайда жашырат? Өзү опер болуп туруп, кылмышка шектүү катары жаңжал чыккан жерден из суутканы, кийин акчанын күчүнө салып, басып койгону калппы? Чыр, интрига менен жүргөнү ушу күндө да талкууда.

Кийин кайсы кызматка барбасын, артынан дайыма “калбыры” калдыраганы белгилүү. Баарын тизмектесек убакытты коротобуз, кагаз бети түт келбейт, орчундуу бир жагдайга токтололу. ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровдун арты менен Акылбек Мамасейитов пулдун күчүнө салып, Жалал-Абад ОИИБнин начальнигине дайындалып, өздүк курамга тили өтпөй, коомдук-коопсуздук абалды жөндөй албай калганын билесиңерби? Натыйжада, Казармандагы “Макмал” алтын кенин жергиликтүү жашоочулар басып алышат да, өрттөп жиберишет. Алдын ала иш-чараларды кылбаган ОИИБ начальниги кызматтык териштирүүдөн кейин жумуштан алынат. Кийин Баткен ОИИБни жетектеп калды. Ал жакта да көрүнүктүү эч нерсе кылган жок. Дайыма аймактар аралык чыр-чатактар басылбай келет.

Акылбек Мамасейитов начар кадр болгонуна карабай кызматтык секириктери токтобой өркүндөгөнү, кызыгы, бул жагынан сырды билесиңерби? Кодоңдогон “кызыл шапкечендин” өкүл атасы депутат Таалайбек Масабиров, “крышасы” Сокенин кудасы Алиярбек Абжалиев экен. Көрсө, ушул экөөнүн артынан карьера жасап, деңгээли жетишпесе да талпынып жүргөн тура. Эми ИИМдин орун басарлыгына өтпөй калса, Свердлов РИИБнин начальнигин басып жыгылууга бел байладыбы? ИИМ жетекчилиги “крышаларына”, акчасына карабай мындай полковник чалышка тезинен чара көрө алабы?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер