Ош ОИИБни Нурланбек Бурканов башкара албай калдыбы?

Олигарх Арзыбек Буркановдун бир тууган иниси Нурланбек Бурканов Ош ОИИБ начальниги. Жарым жылдай убакыттан бери өзүн көрсөтө алган жок. Өздүк курамды башкара албай, “эшек жайлоого” айлана баштадыбы? Агасынын таасири менен карьералык өсүш жасап, бирок реалдуу турмушта чайналып калганын кандайча түшүнөбүз? Мурдагы начальник Жеңиш Жоробеков түптөп кеткен агартуучулук, профилактикалык иштер жасалбай, эл менен милициянын байланышын чыңдаган конференция, жыйындар өтпөй, аксап калганы жашыруун эмес. Коомдук-коопсуздук кырдаал, тартип ойдогудай көзөмөлдөнбөй, оор кылмыштарды ачуу да үзгүлтүккө учурап, радикал динчилдерди тескөө да каралбай, ашмалтайы чыга берсе, аягы жаңжал менен жыйынтыкталбайбы? Кыскасы, биз тийешелүү коңгуроону кагып койдук. Өкүнүчтүү жери, Арзыбек Бурканов бийликтин сүймөнчүк бизнесмени болсо эле иниси Нурланбек көкөлөй бериш керекпи? Милицияда сөзү менен иши төп келген татыктуулар арбын, мына ошолорду колдойлу да.
"Азия Ньюс" гезити