Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүпүйгөн боз топурак, өлүү гүлдөр, сокпой калган эки жүрөк

Дүпүйгөн боз топурак, өлүү гүлдөр, сокпой калган эки жүрөк

22-май, 10:01
1 736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карантин учурунда кыргыз калкы жүрөгү “элим” деп соккон эки уулунан айрылып калды. Үй-бүлөбүз менен Ала-Арча көрүстөнүнө бардык. Жүздөгөн залкарлардын арасынан дагы эки залкарыбыз жайын тааптыр. Экөөнүн жайы жанаша эмес, бирок жакын аралыкта экен. Дүпүйгөн, үйүлгөн эки топурак. Үстүндө өлүү гүлдөр. Аттигиниң! Айтылбай, жазылбай канча асыл сөздөр ушул боз топурак алдында калды?! “Таланттар кенчи мүрзөлөрдө” демекчи, кырк жаштын кырында эле жаш кете берген таланттар тагдыры кабырга кайыштырат. Алар жаш кетсе да өлбөс, өчпөс сөздөрү, саптары, ырлары миң жылдык болуп, алардын экинчи өмүрү тирүүлүктө, жарык дүйнөдө калды.


Оң жолго туура түшө албай,

Айла кетип баратат...

Кыркалай кеткен тоолордон

Кылайып гана күн чыгып, 

Кызарып кечте күн батат.

Далайды көргөн Ала-Тоо

Дабышын бербей тим жатат.

Кысылып батпай кеткенде, 

Кызыл тил кантип тим жатат.

Бир сыры мында барчылап,

Бийиктен мөңгү жалтырап 

Таштардан чыккан тамчыдай,

Тарыхы элдин айтылат.

Алдастап турган учурда 

Калкым акындын сөзү бар чыгаар.

Бир жагын карап ойлонсом,

Калкым азаттык алып жетилдик.

Бир жагын карап толгонсом,

Адаштык, тоздук, кетилдик. 

Басындык кээде жалтактап, 

Баш бербей кээде эсирдик.

Каадалуу болдук кай бирде,

Калбырдай болуп тешилдик. 

Бирде короздой коомго кыйкырып,

Бирде колтукка кирип бекиндик

Ээ чиркин, абийирди кайда кетирдик?

Табигат гана кең тура

Таштары алтын жер турат.

Тайгакта там-туң басалбай, 

Тагдыры катуу эл турат.

Ой дүйнөбүз ушинтип

Кайда кетип баратат?

Октос бербей ой бербей

Жайга кетип баратат.

Оң жолго туура түшө албай

Айла кетип баратат.

Ишенгендер сууга агып,

Сайга кетип баратат.

Илгери үмүт кылбасак,

Иштиктүү алга жылбасак,

Илкип баскан өлкөбүз

Жарга кетип баратат.

Ой-кырлар жатат, суз жатат

Оюлбай талаа, түз жатат.

Өндүрүш жылбай өлкөдө,

Өзөгүбүздү сыздатат.

Кайтканда үмүт ишеним,

Кайдыгерлик күч алат.

Ынтымак кетсе коомдон,

Ырксыздык абдан күч алат.

Көрүнөө бизди тепселеп,

Көрө албастык ит адат.

Тандаган жолдон жаңылбай,

Табасы болбой душмандын

Манастын элин кор кылбоо 

Максаты Кыргызстандын!

Элмирбек Иманалиев


Ата-Журтка жолугуу

Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,

Амансыңбы, балалыгым калган жер.

Асыл боюн коюнуңа сиңирип,

Амансыңбы, атакемди алган жер.


Эсиңдеби, күндөр сага калтырган,

Баёо кезим тазалыкты жактырган.

Азыр башка, башка… болуп жүрөм мен,

Көңүл калып көптү күткөн тагдырдан.


Текке чачпай келген өмүр кезегин,

Боломун деп намысың да, беделиң.

Кеткем сенин үмүтүңдү артынып,

Кечиктимби… кечир мени Мекеним!


Жашоо татаал, бирок жакшы жагы бар,

Жаркыраган улуу үмүт шамы бар.

Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт,

Келечектин дагы атар таңы бар… 

Зайырбек Ажыматов


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер