Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Казакбаев дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн чебери

Руслан Казакбаев дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн чебери

05-март, 13:34
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир төңкөрүш болгон сайын Кыргызстан укуктук талаадан чыгып, дүйнөлүк коомчулук ишенбөөчүлүк менен карап, мамлекеттүүлүккө шек келген учурларын танууга болбойт. Эл башына күн түшкөн ушундай учурда кысталышта жол тапкан, кыйындыкта сөз тапкан элибиздин мыкты уулдары баардык жоопкерчиликти мойнуна алып, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарбай, бийликти мыйзамсыз таштай качкан президенттин, премьер-министрдин милдетин аткарып, жаңы өкмөттү курап, бийликти жигердүү алып кетишти. Ушундай саясый кризис учурунда тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаев кырдаалга туура баа берип, “Кыргызстан кол койгон баардык эл аралык келишимдердин талаптарын кыйшаюусуз аткарат, өнөктөштөр менен кызматташууну улантат жана алардын укуктарын толук сыйлайт” деген таризде кайрылуу даярдап, Бишкектеги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине, эл аралык уюмдарга, жалпы эле өнөктөш өлкөлөргө министрликтин атынан расмий билдирүү   тараткан. Элдик толкундоолордон кийин “эми эмне болот?” деп сарсанаа болуп, күтүп жаткан чет өлкөлүк инвесторлор, жарандарынын камын жеген элчиликтер ошондон кийин көкүрөгүн басып, көңүлдөрү жай болду окшойт. Себеби, расмий түрдө Кыргызстан өзүнүн өнөктөштөрүнүн алдында алган милдеттенмелерин толук аткара турганын, мерчемделген иш-чараларды биргеликте уланта турганын, чет өлкөлүктөрдүн укугу толук корголо турганын тастыктап отурат. Жаңы дайындалган тышкы иштер министринин расмий кайрылуу жасаган бул чечкиндүү кадамы ошол учурдагы оор абалды бир топ жеңилдетип, мамлекеттик бийликке бир топ ишеним пайда кылды.  

Руслан Казакбаев 2010-жылдын 7-апрель окуяларынан кийин да тышкы иштер министри болуп дайындалып, өлкөнү укук талаасына алып келүүгө өз салымын кошуп, эл аралык уюмдар менен, ШОС, ЕАЭБ, ОДКБ сыяктуу өнөктөш уюмдар менен да тыгыз кызматташып, чоң тажрыйбага ээ болгон. Бул жолу ал тажрыйбалуу дипломат катары кошуна өлкөлөр менен да, эл аралык уюмдар менен да тил табышып, кызматташып, Россия сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр, андан кийин  Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна, Түркия сыяктуу достук байланыштагы өлкөлөр, Америка, Кытай, Европа өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди тез аранын ичинде жөнгө салып, каруусун казык кылып иштеди. Кыргызстандын көп векторлуу саясатын улантып, Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркияга болгон иш сапарлары жемиштүү болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы, пайдасы үчүн маанилүү сүйлөшүүлөр аталган өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде иштиктүү жүргүзүлгөн. Ошонун натыйжасында Өзбекстандан азык-түлүк жана дары-дармек жардам келди. Эл аралык деңгээлде жүргүзүлгөн бул алгылыктуу иштердин баардыгы анын тажрыйбалуу элчи, таланттуу дипломат катары бел чечпей иштеп, элине ак кызмат кылып жаткан эмгегинин жемиши. 

 Баардык тармактарда иш акырындап жүрүп жаткандыгы талашсыз, бирок, ушул кыска мөөнөттүн ичинде өзгөчө дипломатия айдыңында көзгө көрүнөрлүк иштер жасалган. Өлкө башынан өткөргөн саясый кризистен кийин стратегиялык өнөктөш өлкө Россияга өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиковдун, андан кийин президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун расмий иш сапары уюштурулуп, дипломатиялык линия менен күн тартибине коюла турган маселелер алдын ала даярдалып, талкууланып, сөз бышкандан кийин гана мамлекеттик деңгээлдеги макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Москвадагы бул жолугушууларда Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон президенттик шайлоо, конституциялык реформа, парламенттик шайлоого жардам берүү, бюджетти колдоо, пандемияга каршы күрөшүүгө медициналык жабдыктар, вакциналар менен жардам, азык-түлүк коопсуздугу, аялдар жана жаш балдарга кам көрүү, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугу боюнча мамлекетибиз үчүн пайдалуу макулдашуулар болгон. Дүйнөгө дүң болгон Кыргызстандагы саясый окуялардан кийин Новиковдун да, Мамытовдун да иш сапары жемиштүү аяктаганын жигердүү иштеп жаткан кыргыз дипломатиясынын ийгилиги катары карасак болот. Руслан Казакбаевдин тер төгүп иштеген ушул эмгеги бааланып, жаңы өкмөттүн курамына киргени эң туура болгон. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров да Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу принциптерди кармана тургандыгын жарыя кылды. Тышкы саясатта жигердүү иш жүргүзүп жаткан министр Руслан Казакбаевдин жаңы өкмөттүн курамын кириши коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынды. Президенттин Россияга болгон иш сапары жакшы уюштурулуп, соода-экономикалык, отун-энергетикалык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, инвесторлорду тартуу максатында бизнес-форум өткөрүлүп, сапар жемиштүү аяктады. Ушунун өзү өлкөнүн тышкы саясаты жигердүү жүргүзүлүп жатканын айкындап турат.

 Сыртынан караганда чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр, мамилелер өзүнөн-өзү, өз нугу менен болуп жаткандай таасир калтырат. Бирок, ал тер төккөн мээнеттин аркасы менен болуп жатканын баары эле биле бербейт. Өнөктөш, союздаш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, элчилери, инвесторлор менен диалог куруу оңойго турбайт. Алардын да өз кызыкчылыктары, өз максаттары болот дегендей. Бирок, 1996-жылдан бери дипломатиялык иштердин казанында кайнап, эл аралык мамилелердин чок ортосунда жүрүп, баардыгына көзү жетик болуп, такшалган таланттуу дипломат Руслан Казакбаев дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн чебери, дасыккан элчи катары белгилүү, ал ар дайым Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргой билет, ошон үчүн министр катары анын иш сапарлары жемиштүү болуп, реалдуу жыйынтыктары менен элдин колдоосуна, алкоосуна ээ болуп отурат.

   Кыргыз дипломатиясынын Эрен-Улугдан, Казы Дыйканбаевден, Ишенбай Абдуразаковдон бери келаткан нускалуу салттарын бекем сактап, Руслан Казакбаев ал байсалдуу жолду ийгиликтүү улантып жаткан көрүнүктүү дипломаттардын бири. Өлкө башына күн түшүп, тогуз толгоо бир келип турганда өлкө башчысынын мамлекетти кризистен чыгаруу саясатын жигердүү жүргүзүп, инвестициялык климат оңолуп жардамы тийе турган жаңы инвесторлордун келишине, кошуна өлкөлөр менен, өнүккөн өлкөлөр менен саясый, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий, достук байланыштардын бекемделе беришине шарт түзүп, элине ак кызмат кылып, тышкы саясаттын ургаалдуу жүрүшүн камсыз кылып, жигердүү эмгектене берерине ишенебиз. 

 

Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер