Бүмайра Мурзаева: “Норильск – берекелүү калаа, кыргыздар ийгилик менен кайтышат”
Россиянын Норильск шаарындагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси менен маек.
Жарымы арал болгон Норильск — Красноярск крайынын районго баш ийген, 150 миңден ашуун калкы бар дүйнөдөгү эң түндүк шаары. Шаар калкынын саны боюнча региондо Красноярскиден кийинки экинчи орунда турат. Бул жерде биздин канча мекендешибиз бар жана алар кандай өмүр кечиришерин Норильскидеги Кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бүмайра Мурзаева айтып берди.
-- Россиянын бул алыскы жабык шаарында кандай жашап жатасыздар? Сиздерге да мобилизациянын таасири тийдиби?
-- Бул жер негизи жабык шаар. Бул жакка орус жарандары гана келе алышат. Кыргыздар туугандары болсо же жумушка чакыруу аркылуу гана катташат. Жарандыкка өтүп, анан иштеп башташат. Конокко келгендер болсо үч ай гана жүрө алышат. Үч айдан кийин шаардан чыгып кетүү керек. Мобилизацияга жалаң гана орус жарандыгы барлар чакырылат. Эл катары кыргыздардын арасынан согушка кеткендер да бар. Өткөндө эки жигит кетти. Дагы повесткалар келүүдө. Учурда биринчи поток бүтүп, жымжырт болуп турган учур. Ал эми Кыргызстандын жарандыгы барларга повестка келбейт. Себеби, алар мигрант катары эч жерде каттоодо жок. Ар кандай жолдор менен келген мекендештерибиз бар, бирок жарандыгы жокторго кооптуулук жаралбайт.
Азыр өлкөдө оор мезгил болуп турат. Эл көргөндү көрөбүз, бирок адам эч качан жакшылыктан үмүт үзбөйт эмеспи. Согуш эртерээк токтоп, тынчтык орнойт (!) деген ишенимибиз чоң. Буюрса баары жакшы болот. Башка чоң шаарларга караганда биздин шаар кичинекей. Кандай болгон күндө да өкмөт таштап койбой, көңүл бурса керек.
Башка шаарларга салыштырмалуу бул жерге келген адамдар 2-3 жылдай документтеринен кыйналышы мүмкүн. Бирок бул берекелүү калаа. Канча кыргыз келбесин, эч кимиси бул жерден “банкрот болдум, кыйналдым” деп кетпейт. Баары буттарына турушуп, үйлүү-жайлуу болушуп, Кыргызстандан үй алышып, анан кетишет.
-- Кандай тагдырга жолуккан мекендештерди кездештирдиңиз?
-- Бул жерден оор сыноолорго тушуккан мекендештерди учураткан жокмун. Адам болгондон кийин жакшылык-жамандык, той-топурлар болуп турат. Кыргызстандагыдай үйлөнүү тойлору болсо, атайын белгилеп жүргөн кафебиз бар. Бул жер жарым арал болгондуктан, трасса, шоссе жок. Жай айларында гана Дудинкадан Красноярскиге теплоход келет. Ал дагы июндан баштап октябрдын 10-15терине чейин болот. Андыктан учак менен гана катташат. Өтүп кеткен мекендештерибиз болсо, акча топтойбуз. Баарын Кыргызстанга жөнөткөнгө аракет кылабыз. Ар дайым “акыркысы болсун” деп тилек кылабыз. Бул жерге баарыбыз ак тилек менен келген соң, мекенге аман-эсен жетүүнү ниет кылабыз. “Адам бар жерде өлүм бар” дегендей, акыркы убактарда “Жүк-200” жөнөткөнгө 200 миң сомдой каражат керектелип жатат. Иштеген жумушу болсо жумушунан жардам берет, калганын эл топтойт. Эми жамандыктан алыс болуп, Жараткан жакшылыгын аябасын.
Статистикага таянсак, 1500-2000дей кыргыздар бар. Бирок баарыбыз бир жерге топтолуп, жолугушуп көргөн эмеспиз. Топ-топ болуп эле байланыштар уланып турат. Башка шаардагылардай шарт жок. Буюрса жетекчилик тарабынан бир имаратты эки жылдык мөөнөткө алып, Норильск шаарына “Достук үйүн” шаардык администрация курмай болду. Ошондой шартыбыз болгондо көбүрөөк топтолобуз.
Мен өзүм “Бозүй достугу” деген долбоор жазгам. Дудинкадагы бозүйдү алып келип, ичине бешик бөлөгөн жөрөлгөнү көрсөтөлү дегендей. Буюрса, 29-октябрда кыргыздардын башы кошулчу чоң майрам күтүлүүдө.
-- Бул калаадан орун-очок алганыңызга көп болдубу?
-- Бул жерге 1988-жылдын 3-октябрда жолдошум экөөбүз чакыруу менен жумушка келгенбиз. Анда жабык шаар болчу. Андан бери 34 жылдай убакыт зымырап учуптур.
-- Көп улуттар турукташканбы?
-- Түрдүү улуттар бар. Бизге жакыны долгандар деп эсептейм. Себеби алар бизге окшоп “бир, эки, үч, дөр” деп санашат. Сүйлөгөн сөздөрү да окшош. Түшүнүшсөк болот. Долгандар деген сөз негизи “калгандар” дегенди түшүндүрөт экен. Түпкү тектери кыргыздар экени айтылып келет. Өздөрү да кыргыздарга окшош калк. Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасында Бугу эне мүйүзүнө бешикти илип алып сүзүп өткөнү айтылат эмеспи. Биз Енисейдин жээгинде ата-бабалар мекендеген жерде жүрсөк керек деген ойго келем.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити