Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ковид кайрадан көбөйө баштадыбы?

Ковид кайрадан көбөйө баштадыбы?

06-октябрь, 12:01
1 308 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 6-октябрга карата маалымдаганы боюнча 80 адамдын вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды:

  • Бишкек - 40
  • Чүй облусу – 22
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу – 1
  • Ош шаарында вирус жуктурган адам катталган жок.

Ушуну менен былтыркы марттан бери өлкөдө коронавируска жалпы – 178 миң 932 адам чалдыкты. Анын ичинен 173 миң 712 адам сакайды.

Акыркы суткада оорудан эки киши көз жумду. Жалпы 2612 адам коронавирустан каза тапты. 

Ушул тапта ооруканада 446 адам, ал эми 676 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөнү каптап, 236,5 миллиондон ашуун адамга жукту. Жалпы дүйнө жүзүндө 4,8 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Оорудан 213,7 млн. ашуун адам сакайган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер