Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Документтерди толук тапшыргандарга кредит тоскоолдуксуз берилүүдө”


-- Ырысбек Ысламович, бүгүн өкмөттүк саат өтүп атпайбы. Сиз кандай маселе көтөрмөкчүсүз?
-- Биздин Баткен облусунда, өзгөчө Кадамжай районунда жазгы талаа иштери башталды. Мен жазгы талаа иштери боюнча бир топ отчетторду көрдүм, өзүмдүн сунуштарым бар. Эң биринчи Кадамжай районуна, Кызыл-Кыя шаарына ФСК долбоору боюнча дыйкандарга кредитке канча миллион сом бөлүнүп, кандай пайыз менен берилерин сурайын деп атам. Дыйкандарга шарт түзүп беришибиз керек да. Азыр күйүүчү май, жер семирткич, үрөн өтө зарыл болуп турат. Андан тышкары, сугат суу боюнча да маселе көп жаралат. Биздин аймактан Кожешкен, Исфайрам, Аксуу сыяктуу үч дарыя өткөнү менен өзүбүздүн дыйкандар анын аз эле бөлүгүн каналдар менен колдонот. Былтыр бир топ каналдар капиталдык ремонттон өттү. Андан тышкары, үч БСРдин курулушу жүрүп жатат, жакын арада ишке кирип калат.
-- Дыйкандарга жер семирткичтер, күйүүчү майлар, арзан кредиттер жетип атабы?
-- Ар бир районго жер семирткичтер, күйүүчү майлар бөлүнгөн. Бул мамлекеттик программа. Кудай буюрса, жакшы эле жетип жатканы боюнча маалыматтар бар. Дагы тактап билем.
-- Азыр эле кээ бир депутаттар тарабынан “кредиттердин пайызы жогору, анан берүү механизми татаал болуп жатат” деген пикирлер айтылды. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
-- Мындай да, документтерди толук тапшыргандарга кредит эч тоскоолдуксуз берилип атат. Анан документи жок эле кредит бер десе, ким берет? Документтерди, долбоорду даярдап, акчаны кандай максатка иштетериңе банкты ынандырып, күрөө коюш керек. Жөндөн-жөн эле бере бербейт да. Комиссия карайт.
"Азия Ньюс" гезити











