Расул Умбеталиев, эксперт: “Кышында жарыкты кезек менен өчүрүү режими киргизилиши ыктымал”


-- Токтогул суу сактагычындагы суу топтолушунун аз болушу эмнеден кабар берет? Кыш күндөрү коркунучтар күтүлүшү мүмкүнбү? Азыртан кандай чараларды көрүү зарыл?
-- Эң негизги көрсөткүч – күз-кыш мезгилине карата даярдыктын көрсөткүчү – Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү. Азыркы күндө 11 миллиард куб/метрди түзөт. Суунун агымы учурда 320–420 куб м/с аралыгында болууда. 1-октябрга карата суу көлөмү 12,5 миллиард куб/метрге жетиши мүмкүн. Бул көрсөткүч күз-кыш мезгили үчүн өтө эле аз.
Кышында элге жетиштүү өлчөмдө электр энергиясын камсыз кылуу мүмкүн эмес. Электр энергиясындагы жетишпестик болжол менен 4 миллиард кВт/саатты түзүшү мүмкүн. Мындан улам, Кыргызстан коңшу мамлекеттер – Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болот. Бирок кыш мезгилинде, өзгөчө абдан суук учурларда бул өлкөлөр да электр энергиясын толук кандуу бере албай калышы мүмкүн. Натыйжада, кайрадан “сектор менен берүү”, башкача айтканда, жарыкты кезек менен өчүрүү режими киргизилиши ыктымал.
Энергетика министрлиги жана анын жетекчиси Таалайбек Ибраев президенттин энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу жарлыгын толук кандуу аткарган жок. Бул жарлыктагы башкы талап – элди жана экономиканы үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу эле.
"Азия Ньюс" гезити











