Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт ТӨРӨБАЕВ, ЖК депутаты: “Соцфонддун акчасын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар”

Бакыт ТӨРӨБАЕВ, ЖК депутаты: “Соцфонддун акчасын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар”

05-декабрь, 21:47
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт Эргешович, пенсионерлердин саны көбөйүп жатканын айттыңыз. Бул экономикага кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

-- Ооба, 2010-жылы пенсионерлердин саны 530 миң болсо, азыр 668 миң болду. Бул өтө көп. Анткени, соцфондго төлөөчү адам аз болуп атат. Ошондуктан, администирлөө жагынан чараларды көрүш керек. Республикалык бюджеттен биз дайыма соцфондго 20 миллиард сомдон ашык акча бөлөбүз. Бюджеттин башка багыттагы деле чыгымдары көп да. Эгер соцфонд жакшы иштесе, республикалык бюджеттен акча албай коюуга мүмкүнчүлүк бар.

-- Пенсионерлердин көбөйүшү -- пенсия курагын дагы жогорулашына алып келбейби?

-- Жок. Себеби, көмүскө турган акча бар. Мисалы, сиз салык төлөөчүсүз. Сиз соцфондго да төлөп жатасыз. Бүгүн салык төлөөчүнүн саны соцфондго төлөөчүлөргө караганда эки эсе көп. Эгер соцфонд төлөөчүлөрдүн санын эки эсеге көбөйтүп, салык төлөөчүлөргө теңеп койсо, акча көбөймөк.

-- Анда, пенсия жашынын курагын көтөрүүнүн зарылчылыгы жок турбайбы?

-- Жаш курагын көтөргөндө нааразылык чыгат. Мына, Россияда көтөрүштү эле эл кандай нааразы болду...

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер