Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылмыш дүйнөсүнө кылкандай сайылган Жанар Акаевди атып кетишеби?

Кылмыш дүйнөсүнө кылкандай сайылган Жанар Акаевди атып кетишеби?

24-октябрь, 12:31
2 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев буга чейин “Мадина” кафесинин ээси өлтүрүлгөнүн, кылмыш дүйнөсү баш көтөргөнүн, ИИМ иштей албай атканын, ишкерлер корголбой калганын жар салып, дегеле укук коргоо органдарында саясый эрктин жок экенин баса белгилеген. Айтып оозду жыйгыча түндө дагы бир ишкердин жансыз денеси “Манас” эл аралык аэропортунан табылып, жанындагы ири суммадагы каражаты тонолгону ачыкталды. Дал ушул маселени да Жанар Акаев парламенттен айтып, өкмөттүн сын пикирге чычалап атканын билдирди. Учурда Кыргызстанда ишкерлерге болгон “аңчылык” башталганы, чоң каражаттууларды өлтүрүп атышканы кашкайган фактыга айланды. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев болсо тымпыйып отурат, билмексен болуп. Мындай шартта сырттан инвесторлор келмек турсун, ички бизнесмендер, өндүрүшчүлөр чет өлкөгө кача башташты. Ал эми кылмыш дүйнөсүнө кылкандай сайылган Жанар Акаевдин оозун жабуу үчүн атып кетишпейби? Себеби, миллиондогон суммаларды тартып алуу, өлтүрүүлөр болуп аткандан кийин курч кырдаал түзүлүп отурат. Укук сакчылары шалга айланган өлкөдө чындыкты айткандар мурда да жазаланып, ошол депутаттар, коомдук ишмерлер өлтүрүлүп келгенин унуттуңарбы? Эмесе, Жанар мырзанын коопсуздугуна кандайдыр бир деңгээлде коркунуч жаралышы мүмкүн. Алдын ала эскертип коелу, эртең “аңчылар” атып кетишсе алаканыбызды шак коюп, жоктоп калбайлы?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер