Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 27 жылдан соң классташтардын сүйүүсү уланып...

27 жылдан соң классташтардын сүйүүсү уланып...

31-май, 13:10
2 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сүйүү жаш-карыга карабайт тура. Менин бир тааныш эжемдин турмушунан бир үзүм айткым келди. 

Эже 8-класста окуп жатканда классташ баласы сөз айтып, экөө бирин-бири жактырып калышат. Кийин эже Фрунзеге окууга келип, жигитти армияга чакыртат. Эже Фрунзеде окуп жүргөндө бир курсташы ала качып кетип, турмуш куруп жашап калат. Классташы армиядан келип, башка кызга үйлөнөт. Классташтар 10 жылдык, 20 жылдык кечелерде жолукканда, экөөнүн тең көзүндө жылуу сезим кала берет. Бирок “эл эмне дейт?” деп тим болушат. 

Ошентип арадан 27 жыл өтөт. Экөө тең уул үйлөп, кыз узатып дегендей, жашоо уланып аткан. Бир күнү эженин жолдошу инфаркттан каза болот. Кийин балдары өз турмушун куруп кеткен кезде классташтар неберенин сүннөт тоюнан жолугуп, сүйлөшө кетишет. Көрсө, тиги кишинин да жубайы өтүп кетиптир. Ошол жолугушуудан кийин экөө телефон чалышып, сүйлөшүп турушат. “Балдарды уядан учурдук, эми экөөбүз баш кошуп, бири-бирибизге ысык чай сунуп, чогуу жашайлы” деп чечишет. Ошол күндөн тартып эже 20 жылга жашарып, өмүрүндө биринчи жолу өзүн аял катары, сүйүктүү адам катары сезип, чыныгы бакыт деген нерсенин даамын татып келе жатат. Экөө былтыр пандемия убагында Малайзияга эс алганы барышып, карантинде эки ай калып жашап келишти. Ошондо эже “мен ушунча жашка келип, өзүмдү бактылуу сезип жатам” деп айткан кеби мени “чыныгы сүйүү жашка карабайт тура” деген сөзгө ынандырды. Экөө бири-бирине аябай назик, аёо сезим менен мамиле кылышат. Быйыл эже 60 жылдык юбилейин белгилейт


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер