Кыргызстанда эркектердин саламаттыгы кооптуу абалда


Кыргызстандын расмийлери акыркы он жылда калктын орточо жашоо узактыгы үч жылга узарып, 71 жашты түзүп калганын айтууда. Буга албетте, экономикалык жана социалдык абалдын жакшырганы таасирин тийгизди. Бирок, адистер эркектердин саламаттыгына байланышкан маселе өлкөдөгү эң курч көйгөйгө айланып, эркектер арасында жашоо узактыгы кыскарып баратканына көңүл бурууда.
“Эркектер ар дайым стрессте жүрүүдө. Стресс жыл өткөн сайын чогула берет. Ошондуктан бири-бирине кол салуу, кылмыштын көп болгону да ушундан. Аялдарга, балдарга болгон эркектин мамилеси бузулду. Ошон үчүн эркектин саламаттыгына көңүл бурушубуз керек. Тукумсуздук дагы көбөйүп кетти. Бул боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз” дейт медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев.
Дарыгердин айтымында, Кыргызстанда 16 жашка чейинки эркек балдар 34 пайызды түзсө, 16дан 62 жашка чейинкилери 49 пайыз. Ал эми 63 жаштан өйдө жашагандары 7 эле пайызга чамалайт. Өлкөдө эркектердин жашоо узактыгы аялдарга салыштырганда дээрлик он жылга кыска.
Би-Би-Си











