Мектеп кандай мугалимге муктаж?


Азыркы учурдагы билим берүү реформасынын негизги күчү, башталгыч чекити да мугалим экендигин реформаторлордун баардык катмары терең түшүнүп аңдагандан кийин гана чыныгы сапаттык кайра куруулар, ичтен жаңылануулар башталат. Анткени реформанын эң биринчи фактору болгон мазмундук кайра курууну мугалим ишке ашырат, билимдик же маалыматтыкты компентенттүүлүк маңызга алмаштырып окутат жана тарбиялайт. Мектеп предметтеринин мазмуну, программасы жана баалоо ыкмасын жаңыласа болот, бирок ошол жаңы окуу каражаттарын ийгиликтүү, ийкемдүү иштетип кетчү мугалимди кайдан алабыз?
Ооба, жыйырма жылдан бери жүрүп келе жаткан реформалар эл аралык жогорку окуу жайлардын, чет элдик каржылоо менен ачылган билим берүү мекемелеринин, борбор шаарыбыздагы айрым мектептердин мугалимдеринин алган айлыгын, жашоо шартын, иштөө ыкмасын өзгөрттү. Бирок мамлекеттин жана балдардын ата-энелеринин каржылоосу менен жашап келген мекемелердеги мугалимдин абалы олуттуу өзгөргөн жок. Биз реформаны так ошол орто деңгээлде иштеп жаткан карапайым агартуучунун жандүйнөсүн, ишке болгон мамилесин, жашоо сапатын жаңы баскычка жогорулатуу менен гана кыймылдата алабыз. Ал мугалимдер үчүн чоң акчалар, жаңы технологиялардын жетишкендиги гана эмес, эң биринчи коомдогу кадыр-баркы, жанаша жашаган адамдардын сый-урматы, артында калтырчу жаш муундардын жакшы эскерүүсү, түйшүктүү ак эмгеги баалуу болуп эсептелет. Жашоонун кыртышынан жаңы гана кылтыйып жетилип келе жаткан жаш адамдын жандүйнөсүн азыркы татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо алардын ар биринен өзгөчө кылдаттыкты жана чыгармачылыкты талап кыла тургандыгы анык. Ошондуктан биз “заманбап мугалим эмес, чыгармачыл агартуучу кандай болуш керек?” деген суроону койсок туура болгудай.
Заманбап мугалимдерибиз көп, алар ар бир жарыяланган долбоор менен иштеп, жаңы ыкма-усулдарды эпчилдик менен үйрөнүп, талаптагыдай жыйынтыктарды тезирээк берип, сыйлыктарга да көбүрөөк ээ болуп жаткандыгын көрүп атабыз. Окутуу-тарбиялоо ишинин заманбап технологияларын өздөштүрүү – бул чыгармачыл мугалимдин устаканасындагы тынымсыз изденүүлөрдун бир багыты гана болуш керек. Эң негизгиси, агартуучунун инсандык дарамети, балдар менен аяр жана чыгармачыл мамилеси, өз элинин эртеңи үчүн зор жоопкерчилигин сезген тазалыгы, улуттун угутун өз мээнети менен сугарган мекенчилдиги деп ойлойм.
Мугалимдин ички жана сырткы маданияты ушундайча айкалыша келгенде гана чыгармачылык ишмердүүлүк башталат. Дарамети өнүккөн мугалим гана эркин адамды калыптандырууга умтулат. “Инсандын жандүйнөсү толук ачылып, чыгармачылык ишмердүүлүк кайнаган жерде гана бала мугалимге, адам адамга магниттей тартылат” деп жазган чыгаан педагог В.А.Сухомлинский. Азыркы реформанын ташын айландыруучу так ушундай жандүйнөсүнүн дарамети магниттей күчтүү мугалимдер жетишпей жаткандай туюлат. Бизди ойлондуруучу негизги суроо: “Мектеп турмушун жаңы ашуудан өткөрүп, бийик деңгээлдерге чыгарчу мугалимдин чыгармачылыгын кантип ойготобуз?” деген мааниде болушу зарыл. Дегеле мугалимдин кесиби илим менен искусствонун туундусу катары чыгармачылык ишмердүүлүктүн кенен чабытын билдирет. Ар бир баланын жандүйнөсүнүн уникалдуу экендигинен сырткары, иш жүзүндө окутуп жаткан билимдин мазмуну, аны жеткирүү каражат-ыкмаларынын жаңы шарттарда, байытып жана өз алдынча өзгөртүп бергендигинин өзү эле чыгармачылыктын бир көрүнүшү эмеспи. Ал эми изденүүнүн эң бийик өрүшүнө көтөрүлгөн кесиптештерибиз окутуп тарбиялоонун, жаш адамды өнүктүрүүнүн жаңы, натыйжалуу тутумун түзүп жаткандыгынан көрө алабыз. Мугалимдин чыгармачылыгы – анын ички маданияты, инсандык дарамети болсо, экинчиси – анын кесипкөйлүгү, азыркы тил менен айтканда, компентенттүүлүгү жана коомдун колдоосу болгондо гана педагог жаратман эмгектин бийиктиктерин багынта алат.
Педагогдун чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, багыттоого жана башкарууга мугалимдин өзүнөн башка кызыкдар тараптар барбы? Азыркы учурда методикалык жактан жардам көрсөтүп, алардын демилгесин жана чыгармачыл изденүүлөрүн, дээрлик табылгаларын ар тараптан колдоого алып турган мекемелер жокко эсе десек жаңылышпайбыз. План боюнча мамлекеттик уюмдар бир топ жыл илгери түзүлгөн эски пластинкасын кайталып өтүп беришет, анткени алар да башка органдардын алдында отчёт беришет эмеспи. Жеке окутуу же тренинг борборлору сураган акчаны мамлекетке иштеп, араң үй-бүлөсүн баккан мугалим бере албайт. Ал эми мектеп директорлору чарбалык жумуштар менен, тийиштүү көмөк көрсөтүүчү илимий-методикалык кабинеттер жана мекемелер өз беттеринче алектенүүдө. Мугалимге, анын ички инсандык түйшөлүүлөрүнө, изденүүлөрүнө карата кайдыгерлик – балага, анын келечегине жасалган мамиле. Советтик жана орус окумуштуулары мугалимдин чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн ырааттуу, натыйжалуу жолдорун изилдешип, төмөнкүдөй багыттарды бөлүп көрсөтүшкөн:
1. “Мугалимдин бош (эркин) убактысы – анын чыгармачылыгын азыктандырып туруучу тамыры” деп айткан В.А.Сухомлинский. Чынында эле ашыкча тапшырмалардан, окуу жүктөмдөрүнөн чарчаса эмнеге көңүлдөнөт дейсиз? Билим берүүнүн жана коомдук башка таасир берүүчү бийлиги бар мекемелер окуучу балдарды гана эмес, аларды окуткан мугалимдерди да бекер же арзан иштеп берүүчү күч катары жогортон карашат. Кезектеги саясый кампаниялар, ишембилиги, пайдасыз жолугушуулар же тойлор болсун, мугалимдин баалуу, алтындай убактысын уурдамайынча өтпөй тургандыгын баарыбыз билебиз. Башкаруучу мекемелер мугалимден талап кылганды, ашыкча көрсөтмөлөрдү көбөйткөндөн башка анын түйшүгүн жеңилдеткен, окуу-тарбия процессине пайдалуу иш-чараларды өткөргөнү, методикалык табылгаларды презентациялаганы сейрек көрүнүш экендиги белгилүү.
2. Мугалимдин материалдык жактан камсыздоо – чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн эң негизги шарттарынын бири экендиги талашсыз. Бирок биз материалдык дегенде эле айлык акы, кошумча сыйлык же даражалар гана эмес, мектеп китепканасын, методикалык кабинеттин керектүү техникалар менен ар тараптуу, заманбап жана мазмундуу жабдылышын эске алуубуз зарыл. Айрыкча илимий- методикалык китептер, журналдар, аудио-видео жазылмалар, окутуучу платформалар менен жабдылган кабинеттер мугалимдин чыгармачылык лабораториясы болушу зарыл. Ар бир региондун алдыңкы мугалимдеринин тажрыйба-табылгаларын топтогон картотекаларды, окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө ылайык окуу мүмкүнчүлүктөрүнүн таблицаларын кайсы мектептин кабинетинен таба алабыз? Азыр республикабызда мугалимдер үчүн окуу-методикалык адабияттарды, журналдарды (ЖОЖдордо чыгарылган аз нускадагы атайын басылган журналдарды эске албаганда) ырааттуу чыгарган бир да басмакана, илимий мекеме жокко эсе десек жаңылышпайбыз. Бул биздин министирликтин, академиянын, окумуштуу-методисттерибиздин да мектеп мугалимине болгон кайдыгерлигиби же ой өрүшүнүн тардыгынанбы (?) деген ойго кетесиң. Жыйырма жылда кандай кыйынчылык болсо да, кандай заман ооматы келсе да, мүдүрүлбөй чыгып келе жаткан “Русский язык и литература в Кыргызстане” аттуу журналдын жамаатына, дегеле баардык методикалык жактан шайма-шай камсыз болушкан орус тилчилерге суктанбай койбойсуң!
3. Жетекчилик тарабынан ар бир мектепте мугалим үчүн түзүлгөн жагымдуу маанай – чыгармачылыктын пайда болуп, андан ары өнүгүүсүнүн дагы бир негизги шарттарынын бири. Чыгармачылык болгон жерде карама-каршылыктар, келишпестиктер иштин пайдасына гана чечилип, жамаат ичиндеги майда чыр-чатактарга, жердешчиликке, кошоматчылыкка бөгөт коё тургандыгын психологдор дайыма белгилеп келишет. Айрым алдыңкы мектептерде мугалимдер эс алуучу атайын жайлар жасалгаланып, акыл-сезимди калыбына келтирип, аутогенндик тренингдер, тай-цзи көнүгүүлөрү, медитациялар чакырылган адистер тарабынан өткөрүлө тургандыгын көрүп жүрөбүз.
4. Мугалим өзү да дайыма демилгелүү болуп, чечилбеген маселелери, максаты жана тажрыйбадагы табылгалары тууралуу мектеп жетекчилигине билдирип туруусу зарыл. Айрыкча мугалимдин чыгармачыл табылгаларын бир гана мектептин эмес, райондун, республиканын деңгээлинде доклад, илимий эмгек түрүндө жайылтууга, татыктуу сыйлыктарды берип колдоого ар бир жетекчи кам көрүшү керек.
5. Чыгармачыл мугалимдин өнүгүшүндөгү жыйынтыктоочу этап катары анын демилгелүү, ийгиликтүү иштери колдоого алынып жаткандыгын сезүүсү болуп эсептелет. Келечектеги ой тилектери, ишиндеги ийгиликтери коомго зор пайда алып келип, өзүн керектүү гана эмес, сый урматка татыктуу инсан катары сезүүсү абдан маанилүү го! Ошондо гана мугалим өз жетишкендиктерин андан ары талдап, дагы көбүрөөк эмгектенүүгө умтулуп, кесиптик жана инсандык жаңы деңгээлдерге көтөрүлөт.
Демек, агартуучу гана азыркы учурдун катаал талабына жооп берген, реалдуу турмуштун сыноосунан жол таба алган, чыгармачылык менен ойлоп, башкалар менен ийкемдүү мамиле түзүп жана мыкты иштей билген компентенттүү, мекенчил инсанды окутуп тарбиялай ала тургандыгы анык.
Курманкан Абдиева, эл аралык мектептин окутуучусу
"Азия Ньюс" гезити











