Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда айымдардан чыккан биринчи оркестр дирижёр айым

Кыргызстанда айымдардан чыккан биринчи оркестр дирижёр айым

02-декабрь, 16:14
2 004 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Бишкек шаардык мэриясына караштуу эл аспаптар оркестринин 10 жылдык мааракелүү иш-чарасына күбө болдум. Жандүйнөм руханий азыктанды. Кулагымдын кычуусу кангыча музыкага сугарылуу менен оркестрди башкарган дирижёр кыргыздан чыккан биинчи айымды көрө алдым. Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин доценти, оркестрди дирижёрлоо кафедра башчысы Чолпон Турумбаева чоң оркестрди башкарганы мага эле эмес ошол жерге келген музыка ышкыбоздорун жүрөгүн жылытып көңүлүн бурду. 

-- Чолпон айым, чоң оркестр менен эл алдына чыгууда кандай сезимдер жүрөгүңүздү  аралады?

-- Концерт учурундагы сезимдеримди сөз менен айтуу кыйын. Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри менен концертте дирижёрлук кылуу мен үчүн өтө чоң сыймык болду. Алдымда абдан татаал жоопкерчиликтүү маселе турду. Залга келген музыка сүйүүчүлөр алдына толкундануу менен чыктым, муну жашыра албайм. Албетте, өз ишин мыкты билген профессионал музыканттар менен иштөө өзүнчө эле рахат эмеспи. Аны да сездим, туйдум. 

-- Оркестрди башкаруу оңой-олтоң жумуш эмес. Насаатчы, устаттар тууралуу эки ооз сөз?

-- Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды окуп, андагы дирижёрлоо боюнча биринчи сабакты, оркестр менен иштөө ыкмаларын улуу устатым Асанбек Асакеев агайдан алгам. Окуумду Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда улантып, Насыр Давлесов агай оркестрдин түрдүү боёктору, үн кошулмалары, ар бир аспаптын өзгөчөлүгүнө такшалткан эле. Ал оркестрге жазылган кыргыз музыкасына басым кылчу, муну айта кетпесе болбойт. Кийин Борис Феферман агайымдан оркестрди башкарууда дүйнөлүк классикалык чыгармаларга көп көңүл бөлдүк. Эң жөнөкөй делген увертюрадан баштап, балет, опера, симфония сыяктуу академиялык албан чыгармаларды тереңден талдаганга жатыктырды. Дирижёр – ары татааал, ары кырдуу, ары сырдуу кесип экенин ушул агайымдан биле алдым. “Оркестрди башкарыш үчүн лидерлик сапат биринчи орунда турат. Өзүң биринчи так бол, сөзүңө тур” деп Асанбек Асакеев агай баардык окуучуларына ар дайым айтып келет. Агайымдын, устатымдын ушул сөздөрүн ар дайым эстейм, көңүлүмдөн чыкпайт, көкүрөгүмдө орноп калган десем жаңылбайм. 


     -- Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин 10 жылдык маданий иш-чарасына кандайча катышып калдың?

-- Чынын айтыш керек, мен үчүн да күтүүсүз болду. Мындай салтанаттуу иш-чарага өз салымымды кошуу демилгеси оркестрдин башкы дирижёру, КР эл артисти, мен урматтаган Бакыт Тилегеновдуку. Учурдан пайдаланып, оркестрдин жалпы жамаатына жана жетекчиси Бакыт Тилегеновго терең ыраазычылык билдирип, башымды ийип таазим этем. Мени конок катары чакырып, концертке өзгөчө боёк, өзгөчө сүртүм кылуу милдети мага жүктөлгөнү толкундантпай коё албады. 

-- Кыргызда “Башканы коюп Манасты айт” дейт, оркестр менен иштөө кыйынчылык туудурбадыбы, ушуну айтчы?

-- Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестринде иштеген жалпы музыканттар азыркы учурда абдан профессионалдар экени эч талашсыз. Жогорку билимдүү, өз иштерин мыкты билген дасыккан чеберлер. Алар менен иштөө мага абдан жеңил болду. Мен үчүн ыңгайлуу, бир да кыйынчылык болгон жок. Машыгуу учурунда жарым сөздөн бири-бирибизди түшүнүшүп турдук. Жамааттын ырааттуулугунан рахат гана алат экенсиң, муну да айтып коюш керек.

-- Ушул жерден бир нерсе “кылт” этип кетти, өмүрлүк жолдошуңуз “үйдө отурчу, оркестрди эмне кыласың” деп койсо болот беле?

-- Болмок. Ал менин баардык ишиме жолтоо болбостон, тескерисинче кайсы гана багытка баш урбайын, колдоо кылып келет. Бу жагынан Жумакадыр иниңизге өзгөчө ыраазычылык, бактылуумун! 

-- Оркестрди башкарып, өз алдыңызча концерт коюу алдыда пландарыңыз барбы?

-- Дирижёрлук кылуу менен концерттерге чыгуу негизги максат эмес. Оркестр музыкасын илимий жактан изилдөө үчүн аспирантурада окуп, кандидаттыгымды жактоо – алдыдагы планым. Ал эми педагогика жаатында оркестр дирижёрлорун даярдоо үчүн студенттерге билим берүү башкы жумуш болгондуктан, искусство университетинде өзүбүздүн оркестр менен тынымы жок иштеп атабыз. Анткен менен композитор, дирижёр Эсенгул Жумабаев агайыбыздын “Чолпон, ар дайым эсиңде болсун, аялдардан чыккан биринчи оркестр дирижёру сенсиң. Чыгармачылыкты кошо ала жүргүң!” деген сөзү алигүнчө кулагымда жаңырып турат. Агайдын айтканында негиз бар. Мүмкүн жакынкы арада бул жагын да унутта калтырбайбыз.

Aryba.kg

 Сурат Жылкычиев    


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер