Өмүрбек Суваналиев: “Элибиз ууру-кескилерди эмес, кимдерди тандоону билип калышты...”
“Комиссар Каттани” каймана атындагы каарманыбыз “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого баратканы белгилүү. Мындай биригүүнү көрө албаган айрым бузукулар ушак-айың таратышып, экөөнүн “ажырашып” кетишкенин удургутуп жиберишиптир.
-- Өмүрбек Исакович, “Мадумаров менен Суваналиев урушуп кетиптир” деген фейк маалыматтарды интернет айдыңына таратып атышат. Ушул боюнча өзүңүз кандай дейсиз?
-- Урушуп кеткендей жаш бала белем?.. Адахан Мадумаров экөөбүз 1995-жылдан бери жолдошчулук мамиледе келатабыз. Ортобузда эч кандай тескери сөздөр болгон эмес. Сый мамиледебиз. Саясатта да көз караштарыбыз окшошуп кетет. Көп жылдан бери коррупцияга, кылмыштуулукка каршы сын пикирлерди айтып келгенбиз. Мындан ары да мамлекеттүүлүккө коркунуч жараткан көрүнүштөр менен күрөшөрүбүз айкын. Биз эч качан кошомат кылган эмеспиз. Ар-намыс, абийирибиз жогору турат.
-- Шайлоого карай “Бүтүн Кыргызстан” партиясы каражаттан аксай турганы болжонууда. Мындай шартта парламентке өтүп келүүгө кыйынчылык жаралбайбы?
-- Биздин тактика-стратегиябыз акчага байланган эмес. Буга чейин Адахан Мадумаров да, мен дагы канча шайлоолорго катыштык, биз каражатка басым жасаган эмеспиз. Элдин астында адилеттүү алкакта тандоо жүрүшү зарыл. Саясатчы аброюна ишениши керек. Анүчүн өткөн чагың таза болушу маанилүү. Мисалы, бизди эч ким коррупцияга же башка кылмыштарга айыптай алышпайт. Бул эң башкы көрсөткүч. Кудай буюрса, алдыдагы парламенттик шайлоодо ийгиликке жетебиз. Азыр коомчулуктун көзү ачылды. Ууру-кески, коррупцияга айыпталгандарды эмес, карапайым калк кимдерди тандоону билип калышты. Калганын убакыт көрсөтөт...
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити