Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коңуругуңду уккан, сакал албай жүргөнүңдү көргөн аял үчүн сүйүктүү бойдон калууга чыныгы күч керек

Коңуругуңду уккан, сакал албай жүргөнүңдү көргөн аял үчүн сүйүктүү бойдон калууга чыныгы күч керек

12-февраль, 21:44
737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Президент Рейган АКШ тарыхында ажырашкан алгачкы президент болгон. Анын актриса Жейн Уайман менен болгон никеси жубайынын демилгеси менен бузулган. Голливуддун сулуусунун мүнөзү татаалыраак болгон көрүнөт, анткени ал экинчи күйөөсү менен да үйлөнгөндөн бир ай өтпөй эле ажырашуу процессин баштаган. Кийин ошол эле адам менен үчүнчү ирет баш кошкону да узакка созулган эмес.

Ал эми Рональд Рейган экинчи жубайы Нэнси Рейган менен 52 жыл чогуу өмүр сүрүп, алардын үй-бүлөсү ар дайым ынтымактын, гармониянын үлгүсү болуп келген.

1971-жылы Калифорниянын губернатору болуп турган Рейган биринчи жубайы Жейн менен чогуу асырап алган уулу Майклдын үйлөнүү тоюна катыша албай, ага куттуктоо каты менен батасын жиберген:

“Кымбаттуу Майк, сен бактысыз никедегилер же никени шылдыңдаган циниктер айткан тамашаларды көп уккандырсың. Эгер сага буга чейин башкача көз караш айтылбаса, анда ук. Сен азыр адам жашоосундагы эң маанилүү, эң баалуу мамилеге кадам таштап жатасың. Ал мамиле сен кандай кылып курсаң, дал ошондой болот.

Кээ бир эркектер өзүнүн эркектигин далилдөөнүн жалгыз жолу – «аялы билбесе болду, демек зыян жок» деген текебер түшүнүктү жашоо деп ойлошот. Чындыгында болсо, аял помаданын изин таппаса да, түнкү үчкө чейин кайда жүргөнүңдү түшүндүрүп жатып шектүү абалга калбасаң да, ал баарын жүрөгү менен сезет. Ошол сезим менен кошо мамиледеги сыйкыр да жоголот. Никени мааниси жок деп наалыган эркектердин көбү, чынында, аны өздөрү кыйратканын моюнга алышпайт.

Физикада эски мыйзам бар. Канча күч жумшасаң, ошончо натыйжа аласың. Никеге тийиштүү күчтүн жарымын гана жумшаган эркек, ошого тете гана жыйынтык алат.

Албетте, кээде сен кимдир бирөөнү көрүп же өткөн күндөрдү эстеп, өзүңдүн дагы эле күчүң бар экенин далилдегиң келиши мүмкүн. Бирок өмүр бою бир гана аялга берилген бойдон калып, өз эркектигиңди, өз баалуулугуңду далилдөөнүн кандай улуулук экенин ойлонуп көр.

Ар ким эле акылсыздык кылып, чыккынчылык кыла алат, бул үчүн эркектик талап кылынбайт. Бирок сенин коңуругуңду уккан, сакал албай жүргөнүңдү көргөн, ооруп калганыңда карап-баккан, кир кийимиңди жууган аял үчүн сүйүктүү жана жагымдуу бойдон калуу мына ошого чыныгы күч керек. Ошонун баарын жасай жүрүп, ага жүрөгүнүн ичин жылыткан бакыт сезимин тартууласаң, анда сен эң сонун обонду угасың.

Эгер сен кызды чындап сүйсөң, аны эч качан басынтпайсың. Секретарша же тааныш аял менен ашыкча жылуу учурашып, “кечиккен түндөрдүн себеби ошолбу?” деп күмөн саноого мажбур кылбайсың. Же болбосо башка бир аял жубайың менен жолугуп, ичинен жылмайып, сенин сүйгөнүңдү сен кыска убакытка болсо да мага алмаштырдың деген сырды көтөрүп жүрүшүнө жол бербейсиң.

Майк, сен бактысыз үй кандай болорун жана анын адамдарга кандай таасир этерин көптөрдөн жакшы билесиң. Эми сенде баарын туура баштоого мүмкүнчүлүк бар. Эркек үчүн күн соңунда үйүнүн босогосуна келип, эшиктин ары жагында анын кадамын күтүп турган жан бар экенин билүүдөн өткөн бакыт жок.


Сүйүү менен Атаң

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер